Парижде ырдаган, казахстандык Амре Кашаубаев тууралуу жаңы маалыматтар табылды

Парижде ырдаган, казахстандык Амре Кашаубаев тууралуу жаңы маалыматтар табылды. Анын концерттери Парижде, 1925-жылдары жайда кооздоо искусствонун көргөзмөсүндө болгон. Анда ал советтик делегациясынын курамында эле. Амре домбуранын коштоосунда казактын улуттук «Балкадиша», «Дударай», «Караторгай» жана башка ырларды ырдаган. Парижде баш аягы 11 концерт берилген.  Казакстандык музыка изилдөөчү Жаркын Шакарим өзүнүн китептеринде “Париж жумалыгы” гезити Амренин ырдаганы боюнча теке айындагы санында жарыялаганын жазган. Музыкант Париждин 9-чөлкөмүндө, Лувр жана Монмартр аралыгында жайгашкан Сон Жорж театрында өз өнөрүн тартуулаган.

АСКАР АБДРАХМАНОВ, ЮНЕСКО АЛДЫНДАГЫ КР ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН ОРУН БАСАРЫ

- Биринчиден, Амре Кашаубаевдин концерти өткөн жайдын дареги табылды. Экинчиден, менин көз карашым боюнча эн сонун жаңылык - белгилүү француз композитор жана музыка изилдөөчүсү Пол Лефлемдин рецензиясы десем болот.  Ал бул рецензияда Кашаубаевге өтө жогору баа берет.

Франциянын Улуттук Китепканасындагы эски кагаз гезиттер сканирленип, электрондук түрүнө өткөн. Ошондуктан Аскар Абдрахмановго 1925-жылы жарык көргөн “Париж жумалыгы” гезитинин санын кыска фильм форматында беришкен. Ал ЭКСПО алкагындагы маданий анонсторун тапкан.  Китепканачынын айтымы боюнча, СССР артисттеринин концерттери боюнча «Comoedia» гезити да жазган болушу мүмкүн.  Алардын басылмасы ошол эле театрдын имаратында жайгашышы ыктымал. “Париж жумалыгы” гезитинин кулжа айындагы санында, Жаркын Шакаримдин китептеринде жарык көргөн котормолор табылган.

 АСКАР АБДРАХМАНОВ, ЮНЕСКО АЛДЫНДАГЫ КР ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз Франциянын Улуттук китепканасында болгон кезде жаңы маалыматтарды табууга далалат кылдык. Биздин колубузга казак музыкасы Францияда көрсөтүлгөнүн билгенде, төбөбүз көккө жете сүйүнүп, бул маалымат менен бөлүшүүгө шаштык.

Азыркы тапта изилдөөчүлөр Париждеги Амренин ырлары  боюнча маалымат таба элек. Бирок  «Сорбонна» университетинин профессору Юбер Перно анын аткаруусунда 7 ырын жаздырып калгандыгы  белгилүү. 1974-жылы Кашаубаевдин аткаруусундагы ырлар Москвада музыка изилдөөчү Жаркын Шакарим тарабынан табылган. Бирок бул жаздыруулар париждик триумфтан 2 жыл өткөндөн кийин жазылган. Изилдөөчүлөр дагы да жаңы маалыматтар пайда болуп калат деп үмүттөнүшөт.