500 домбрачы казак улуттук күүлөрүн аткарышты

Казакстан элдеринин биримдик Күнүнө карата 500 домбрачы казак улуттук музыкасын аткарышты.  “Байтерек” монументинин аянтында Астананын 20 жылдыган арналган “Улуу талаа үнү” аттуу домбра-флешмобу болуп өттү. Катышуучулар, композитор Курмангазы Сагырбаевдин легендарлуу “Сарыарка”, “Адай” жана “Балбыраун” чыгармаларын, жана дагы Казакстандын эмгек сиңирген  композитору Абдимомун Желдибаевдин  “Эрке Сылкым” күсүн аткарышты.  Бул флешмобко белгилүү төкмө акындар да катышып, көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын ичинде Жандарбек Блгаков жана Сара Токтамыс бар. Өз өнөрлөрүн «NOMAD» аспаптык долбоору да тартуулады. Көк асмандын алдындагы концерт жалпы шаар тургундары үчүн мыкты белек болду. Жана жалпы келгендер казак домбрасын угуп чер жазышты.

ЖАНАРГАН КАРАБАЛА, ОРГАНИЗАТОР:

- Бул иш-чаранын максаты биздин маданиятты укумдан –тукумга улоо жана баалуулук катары сактоо менен жаш муунду патриоттукка тарбиялоо. План боюнча Кулжа айынын биринде дагы уюштуралы деп туурабыз. Ал Астананын 20 жылдыгына арналат. Флешмабдун аталышы «Домбыра думан».