Жибектен килем токуу өнөрү

Бул килемдер үйгө да, жан дүйнөгө да жылуулук тартуулайт. Самаркандга келген адам ушул жерге ат башын бурбастан кетпейт. Анткени бул жерде жибектен килем жасоонун байыркы салты кайра жанданган. Бир караганда, дубалдагы килем көргөзмөдөгү картинадай көрүнүшү мүмкүн. Чындыгында - бул өнөр чыгармасы. Анткени ага тартылган сүрөттөр өтө жоопкерчилик менен тандалып, тартип менен токулат. Негизинен Борбор Азиянын салттуу оймо-чиймелери колдонулат. Жип, илмек, тарак, кайчы. Колдо ушул куралдар менен чыдамкайлык болсо, килем токууга киришсе болот.

ГУЛНОЗ ШУКУРОВА, ФАБРИКА МЕНЕДЖЕРИ:

- Кол менен килем токуу кезинде кош түйүн жасайбыз. Алар өтө бекем болот. Сүрөттөгү ар бир кичинекей тор бир түйүн дегенди билдирет. Кол менен токула турган килемдерди даярдоо ыкмасы ушундай. 1 чарчы метри 2 айдан бир жарым жылга чейин жасалышы мүмкүн. Бул жумуштун татаалдыгына байланыштуу.

Кыздар бир мүнөттө ушундай 40-45 түйүн жасай алат. Гүлноз Шукурова килем токугуч эмес, фабрика менеджери. Бирок, ишканадагы ар бир адам ушинтип килем токуганды билиши шарт. Жумуштун алкагында катачылыктар да болуп турат. Кызыгы – мындай буюмдар алда канча кымбат. Анткени бул килемдин колдо жасалганын далилдейт.

ХОДЖИ СУАТ ТУРДИ БОАТХИСЫ, ФАБРИКАНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮЛӨРҮНҮН БИРИ:

- Бул килемдердин түсү убакыт өткөндөн кийин өчүп кетпейт. 50 жылга кепилдик беребиз. Бир нече урпактардан бери уланып келе жаткан салтты мындан 25 жыл мурун кайра жандандырдык. 19-кылымдын аягында килем даярдоонун технологиясы жоголуп кеткен. Эми Самарканд менен Хива сыяктуу шаарларда кайра өнүгүүдө. Жылына болжол менен 400гө жакын килем жасайбыз.

Бул ишканага трансулуттук маалыматтык тур алкагында казакстандык журналисттер менен блогерлер да барып кайтышкан. Сапарды Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен «Казак туризм» компаниясы уюштурган. Сапардын максаты – эки өлкөнүн бай мурастарын туристтерге сунуштоо. Эми Казакстанга келген саякатчылар да килем жасоо өнөрүн көрө алышат. Казактын килем токуу өнөрүн жандандыруу максатында кийинки жылы Алматы жана Түркестан облустарына ушул ишкананын бөлүмүн ачуу көздөлгөн.