Казакстан менен Өзбекстан: «Жибек жолу» визасы

Бир саякат – бир нече өлкө. Азыркы убакытта трансулуттук турлар дүйнө боюнча трендге айланууга жетишти. Туристтер бир сапар алкагында болушунча көп жерди көрүүгө ынтызар. Борбор Азия өлкөлөрү да чет өлкөлүктөр үчүн ушундай мүмкүнчүлүктү сунуштап жатат. Казакстан менен Өзбекстан жакынкы арада «Жибек жолу» визасын колдонууга киргизиши мүмкүн. Бирдиктүү документ саякатчыларга эки мамлекеттеги байыркы соода жолунун боюнда жайгашкан шаарларды тосколдуксуз кыдырууга мүмкүнчүлүк берет.

АЗИЗ АБДУХАКИМОВ, ӨЗБЕКСТАН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Азыр эки тарап ушул маселе боюнча жигердүү иштеп жатат. Бул долбоорго Жибек жолу боюнда жайгашкан башка да мамлекеттер кызыгуу артууда. Келечекте алар да ушул виза системасына кошуларына ишенем. Бул албетте өз кезегинде биздин чек арачыларбыз менен коопсуздук кызматтарынын тыгыз байланышта жумуш кылуусуна мүмкүнчүлүк берет.

ГАУХАР ЖЕҢИСБЕК, «KAZAKH TOURISM» УК» АК ДЕПАРТАМЕНТ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биргелешкен тур алкагында туристтер 8-12 күн аралыгында Казакстан жана Өзбекстандын шаарларын кыдырышат. Аба билеттерин кошпогондо тур баасы болжол менен 500дөн 1000 долларга чейин чыгат. Бул өтө кымбат эмес.

Дүйнө боюнча белгилүү саякат тууралуу сайтка киргендердин 30 пайызы «Жибек жолу» багытына кызыгуу билдиргенин көрсө болот. Ал эми «Борбор азиялык шенген» Улуу Жибек жолу боюндагы мамлекеттердин туристтик тартымдуулугун мындан ары жогорулатат.

- Борбор Азия өлкөлөрүндө бирдиктүү виза колдонулса сонун болмок. Анткени бул биздин документтерди жол-жоболоштурууга кеткен убакытты азайтат.

- Өзүм Ирландияданмын. Ташкентке келгениме  4-5 күндөй болду. Жаш кезимден эле Жибек жолу өлкөлөрүн басып өтүүнү кыялданчумун. Саякатым Астанадан башталды. Кийин поезд менен Алматыга жеттим. 4-5 күн болуп, Бишкек шаарына аттандым. Бул сапарымдан алган таасирим керемет.

Мындай сапардын эффективдүүлүгүнө трансулуттук маалыматтык турга катышкан казакстандык журналисттер менен блогерлер да ынанышты. Өзбекстан тарыхый объекттери менен өзүнө тартып алса, Казакстандын заманбаптыгы, кооз табияты таң калтырды, дешет алар. Ошондой эле Казакстанда экологиялык, этно жана агротуризмди өнүктүрүүгө маани берилип жатат. Жакынкы арада агротуризмди өнүктүрүү ассоциациясы да түзүлөт.