Белгисиз Өзбекстан

Бул Амударыя жана Сырдарыя дарыяларынын ортосун бириктирип турган Өзбекстан өлкөсү. Адамзатты таң калтырган, уникалдуу архитектура, кайталангыс экзотикалык базарлар жана меймандос элдер. Булардын бардыгын заманбап Өзбекстандан жолуктурса болот. Бул жерде азыркы мезгилге чейин байыркы каада-салттар жана үрп-адаттар сакталуу. Соода-сатык мыкты өнүккөн Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн бири. Зер буюмдары, күнүмдүк турмушта колдонулган буюмдар базарларда эле сатылбастан, Улуу Жибек жолу аркылуу Азия жана Европага жиберилип турган. Өзбекстан кайталангыс түстөргө бай, кооз табияты бар жана уникалдуу элдик кол өнөрчүлүк өнүккөн өлкө.

MUBASHIRA BAKHSHILAEVA, ТУРИСТТИК КОМПАНИЯНЫН ӨКҮЛҮ:

- Мисалы, Бухара шаары экиге бөлүнөт. Эски шаар жана жаңы шаар бар. Эски тарапта сейилдеген кезде туристтер өздөрүн байыркы шаарда жүргөндөй сезишерин айтышат. Аларга Бухара дагы деле Улуу Жибек жолунун борбору болуп тургандай көрүнөт. Ушундай турлардын аркасында Өзбекстанга келгендердин саны жыл сайын көбөйүп жатат.

Улуу Жибек жолундагы  кербендердин жолу калган, миң жылдык тарыхы бар шаарлардагы байыртадан сакталган имараттардын ар бири сырга толо, уламышка бай. Өлкөгө саякатчыларды көп санда тартуунун өзгөчөлүктөрүнүн бири да ушул болсо керек. Самарканд, Бухара, Хива, Шахрисабз шаарларындагы Шахи-Зинда, Эль-Регистан, Биби-ханым мечити, Амир Темир комплекси чет өлкөлүктөрдү таң калтырып жетишкен. Бул шаарлар  азыркы тапта ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

- Өзбекстандын тарыхый имараттары албетте таң калтырбай койбойт. Өтө сонун таасир алдык. Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданияты биз үчүн кызык экени шексиз. Алдыдагы убакытта Казакстанга баруу оюбузда бар.

- Биз досторубуз менен бир нече күндүк тур менен Өзбекстанга келдик. Бардык шаарларды көрүп чыгууга жетише элек болсок да, бизге абдан жакты деп айта алам. Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөр азыркы тапта чет өлкөлүктөрдүн арасында жаңыдан таанымал боло баштады.

Италиялык туристтер алдыдагы убакытта Казакстанга ат тизгинин бурууну мерчемдеп жатышат. Алар Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө маданияты кызыктырат деген пикирде. Быйыл  Казакстанда Өзбекстан жылы аяктады. Анын алкагында эки өлкө ортосунда бир катар биргелешкен келишимге кол коюлду. Казак туризм компаниясынын уюштуруусу менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Өзбекстанга сапар тартышты. Мындай демилгеге Маданият жана спорт министрлиги колдоо көрсөткөн.