Борбор Азия: Чек араларда өткөрүү пунктарын жаңыртуу

Борбор Азия мамлекеттери өлкөлөр арасындагы өткөрүү бекеттерин жаңыртуу иштерин колго алышты. Мисалы, Өзбекстан Казакстан менен чек арадагы барыш-келиш  каналдарын жаңыртууну баштаган. Мындай иш-чара туристтердин санын көбөйтүп, товар жүгүртүүсүнүн өсүшүнө байланыштуу ишке ашырылууда. Белгилей кетсек, азыркы тапта эки өлкө арасында 6 чек аралык өткөрүү бекети күнү-түнү иштейт.  Анын төртөөсү оор жүк унааларына арналган. Өкмөт аралык келишимдин негизинде «Жол картасы» жасалып, азыр ошол төрт өткөрүү пункту кайра координациядан  өтүп жатат. Аны менен бирге «Гишт-Куприк» башкача айтканда «Жибек Жолу» өткөрүү пункту да кеңейтилүүдө. Чек арадагы координациялоо иштеринен кийин, бул бекет күнүнө 40 миңге чейин жүргүнчү кабыл ала алат.

РУСТАМ КАБУЛОВ, БАЖЫЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШЧЫСЫ:

- Өлкөлөр арасындагы мамилелер жаңы деңгээлге жетти. Анын негизинде эки өлкө башчылары товар жүгүртүүсүн жакшыртуу боюнча алдыбызга так милдет койду. Талдоо көрсөткөндөй, өткөн жыл менен салыштырганда, Казакстан менен Өзбекстан ортосунда жайгашкан көзөмөл бекети аркылуу жүк ташуусу 61 пайызга өскөн.

Казакстан жана Кыргызстан чек арасындагы өткөрүү бекеттеринде да жаңыртуу иштери колго алынат. Белгилей кетсек, эки өлкө  ортосундагы чек арадан күнүнө 20 миң адам менен 900дөй унаа өтөт. Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргенден кийин бекеттердеги ишти жаңы талапка ыңгайлаштыруу, алардын жумушун кайра координациялоо зарылдыгы пайда болгон. Бүгүнкү күндө ал маселе  да чечилди, бекеттер азыр биримдик эрежелери боюнча иштеп жатышат. Эми кезекте ири бекеттер талапка ылайык жабдыкталган. Тизмеде Жамбыл облусунун  Кордай айылындагы Ак-жол бекети  бар.

НУРЛАНБЕК ЖАЛБИЕВ, КЫРГЫЗСТАН ЧЕК АРАЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Мамлекеттик чек арадан өтө турган адамдарга ыңгайлуу шарт жасоо максаты менен, тарапташтар бекеттерди жаңыртуу жана кайра координациялоо иштерин жүргүзөт. Тиешелүү бекеттердин өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү өсөт.

Ак-Жол бекетиндеги узун кезектер жоюлуп, жумушту жеңилдетүү үчүн жүк унаалары башка эки бекет – Ак-Тилек жана Токмокко жиберилет. Ушундай жагдайда мамлекеттер чек ара аралык карым-катнашты жигердүү өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу  шарттарды жаратат.