Казакстан-Кыргызстан чек арасы эл аралык укук нормаларына ылайык бекитилди

Казакстан-Кыргызстан чек арасы эл аралык укук нормаларына ылайык бекитилди. Мажилис эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо тууралуу келишимди макулдашты. Ал 1200 чакырымга созулуп жатат. Буга чейин аталган документке мамлекет башчылары кол коюшкан. Эки өлкө ортосундагы келишим мөөнөтсүз жана ал денонсацияга жатпайт. Документке ылайык, чек ара сызыгынын белгиленүүсү ар 10 жыл сайын текшерилип турат.

МУХТАР ТИЛЕУБЕРДИ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Чек ара баш-аягы 1055 атайын түркүк менен белгиленди. Алардын арасында негизги жана аралык түркүктөр бар. Эми биздин чек арабыз толук жана так белгиленип жатат. Келишим бекитилген соң, чек аралык  кызмат расмий түрдө чек араны өз жоопкерчилигине алат.

Аны менен катар, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан арасындагы мамлекеттик чек аралардын кошулуу чекитинин району тууралуу шарт долбоору колдоо табат. Ал аймак Үстүрт чокусунда жайгашкан. Бул документ өлкөнүн түштүк багыттагы чек арасын белгилөө тууралуу маселеге чекит койду.

ДАРХАН ДИЛМАНОВ, КР УКК ШЕКАРА КЫЗМАТЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Ар жума сайын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча үч чек аранын тийишүү чекиттерине чейин тыкыр көзөмөлдөө жүргүзүлөт. Эгер кандайдыр бир маселе жаралып, чек ара түркүктөрүнө тиешелүү кырдаалдар чыкса, аларды чечүү үчүн милдеттүү түрдө коңшу кесиптештерибиз менен  бергеликте иштешебиз. Ар бир маселе мыйзам талаптарына ылайык жол-жоболоштурулуп, укук бузуучулуктардын жолу кесилет.

Белгилей кетсек, мамлекеттик аймактык туташтыгы жана чек арасынын бекемдигин камсыз кылып, өлкө эгемендигин сактап калуу үчүн чек араны демаркациялоонун мааниси зор.