Тажикстан: Археологдордун укумуштудай ачылышы

Тажикстандын археологдору Дүйшөмбү шаарынын түштүк тарабынан 85 чакырым алыс жайгашкан аймактан байыркы шаарды табышты. Окумуштуулар аны Кушан хандыгына тиешелүү дешүүдө. Казуу иштеринин алкагында курулуштар эле эмес, башкаруучулардын тактары да табылган. Экспедициянын жетекчиси Давлад-ходжа Довудинин түшүндүрмөсү боюнча бул залды өзгөчө ыкмалар менен курушкан. Дубалдын эндүүлүгү 3 метр жана шыбак менен шыбалган. Бирок бул жалгыз ачылыш эмес. Биринчи жолу бир мезгилдин ичинде археологдор ири сандагы тыйындарды табышкан.

ДАВЛАТХОДЖА ДОВУДИ, ТАРЫХ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, ТАЖИКСТАН УЛУТТУК МУЗЕЙДИН АРХЕОЛОГИЯ ЖАНА НУМУЗМАТИКА БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз абдан көп кушан тыйындарын таптык. Алар бардык жерден жолугуп жатат. Ошондой эле биз кушан хандарына тиешелүү болгон 2 тыйын казынасын таптык. Аны менен биздин доорго чейин 1-2-кылымдарда башкарышкан. Бул табылгалар биздин заманга чейинки 1-2-кылымдарга тиешелүү экенин далилдеп жатат.

Археологдордун айтымында, тыйын казыналары атайын кампаларда табылган. Акчалар дандар үчүн кызмат кылган атайын идиштерде сакталып келген.

АЛИШЕР КАЮМЗОДА, ТАЖИКСТАН УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН ЖУМУШЧУСУ:

- Биз бул жерден узундугу  бир жарым метр болгон 6 хумду таптык. Алардын бары жакшы сакталып калган. Бетинде байыркы чеберлер чийген оймо-чиймлер сакталган. Бул абдан чанда кездешкен табылга.

Окумуштуулардын айтымында, мындан 2 миң жыл мурда ушул шаар аркылуу Улуу Жибек жолу өткөн. Ошондуктан соода кербенин боюндагы шаардын тургундары бай болушкан. Мисалы, мына бир гана турак-үй комплекси 6 бөлмөдөн турат. Алардын биринде сыйынуучу бөлмө, бир бөлмөсүндө ашкана жайгашкан. Ага бул идиш-аяктар далил. Экспонаттардын көп бөлүгү жергиликтүү тургундардын жардамы менен аныкталган.

ХИСРАВ МАНОНОВ, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУН:

- Мен табылган Камал аймагындагы конушта турам. Археологдор казуу иштерин баштаганын угуп, өз жардамымды сунуштадым. Анткени бул биздин тарыхыбыз. Өткөндөн көбүрөөк маалымат алгым келет.

Археологдор бул жайдын ачылбаган сыры дагы да көп дейт. Ошондуктан казуу иштери кийинки жылы да комплекстүү түрдө жүргүзүлөт.