Өзбекстандыктар «Унаасыз күн» акциясын уюштурууну көздөп жатышат

Өзбекстандыктар «Унаасыз күн» акциясын уюштурууну көздөп жатышат. Максаты – шаардагы абаны булганыч деңгээлин төмөндөтүп, экологиялык акыбалды жакшыртуу. Мыйзам чыгаруу палатасынын депутатынын айтымында, демилге калктан колдоо табып жатса, бир күн жөө жүрүүгө даяр.

ЖАМШИД ПИРМАТОВ, ӨЗБЕКСТАН ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Бул жерде биринчи атайын мониторинг жүргүзүлөт. Экинчиден, элдин пикири толук эске алынат. Негизинен экспертиза район жана шаар борборлорунда унаа көп топтолгон базарлар жана бизнес борборлорунун алдында жүргүзүлөт. «Унаасыз күн» иш-чарасына ар ким өз каалоосу менен катыша алат. Эркиндик берилет. Биз  ушинтип бир күн болсо да, унаа агымын азайтасак, бул  өтө пайдалуу болмок.

Өзбекстандыктар ар айдын үчүнчү аптасы унаасыз жүрүүсү мүмкүн. Экономикасы бат өнүгүп келе жаткан өлкөдө жыл санап унаалардын саны да өсүүдө. Бүгүнкү күндө Ташкентте эле миллионго жакын темир тулпар бар. Кырк жылдан ашуун тулпар тизгининде жүргөн Гани Абдуллаев айына бир күн жөө жүрүү жакшы демилге, дейт.

ГАНИ АБДУЛЛАЕВ, УНАА АЙДООЧУСУ:

- 75- жылдан бери унаа башкарам. Азыр унаалардын саны бир нече эсе ашып кетти. Өкмөттүн «Унаасыз күн» деген демилгеси менин оюмча өз учурунда көтөрүлгөн демилге деп ойлойм. Биринчиден кооз шаарыбыздын  экологиясы жакшырат. Экинчиден жөө жүрүү ден соолукка пайдалуу.

Ошондой эле, токтомго ылайык, ар жума сайын Өзбекстанда «Жол коопсуздугу» күнү өткөрүлөт. Жалпы, Өзбекстанда калктын коопсуздугун сактоого багытталган бир нече иш-чаралар уюштурулган. Мисалы, саякатчылар көп келген Самарканд, Букара, Хиуа сыяктуу  шаарларында атайын туристтик полиция тобу уюштурулган.

ТЭГИ: