Кыргызстан этнотуризмди өнүктүрүүгө басымдуулук жасап жатат

Кыргызстан этнотуризмди өнүктүрүүгө басымдуулук жасап жатат. Бүгүнкү күндө өлкөнүн тубаса жана көздүн жоосун алган табияты дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтерди өзүнө тартууда. Республиканын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейүүсүнө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары себеп болду. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча ушул жылы гана 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 70 миңден ашуун турист келген.

АЙНУРА ТЕМИРБЕКОВА, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин туристтердин саны эки эсе өстү. Жыл бою Кыргызстанды жарнамаладык. Көчмөндөр оюндарынын жардамы менен биз Кыргызстан тууралуу айтып, өлкөбүзгө чакыра алдык. Азыр Ысык-Көлдүн жээгинде сууга түшүп жаткан, капчыгайларыбыздан, жайлоорубуздан жана курортук шаарларыбызда эс алып жүргөн көп сандаган туристтерди жолуктура аласыздар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жайлоо-туризм багыты жигердүү өнүгүп жатат. Чет өлкөлүк туристтерге цивилизациядан алыс тоо боорлорунда боз үйлөрдө эс алуу сунушталат. Мисалы, Көчмөндөр оюндарынын учурунда Кырчын капчыгайындагы этно айыл өлкөнүн чыныгы туристтик борборуна айланды. Бул жерде чет өлкөлүк туристтердин назарын маданий иш-чаралар жана спорттук жарыштар бурду. Алардын катарында улуттук аңчылык салбурун жарышы жана жаа атуу бар.

АРИЭЛЬ СОФИЯ БАРДИ, САЯКАТЧЫ, ЖУРНАЛИСТ /АКШ/:

- Менин оюмча өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү арбын. Кыргзстандын аймагынын 93 пайызын тоолор ээлейт. Бул жерде туристтерге арналган жакында гана даярдалган жаңы маршруттар бар. Алардын көпчүлүгүн адам буту баса элек. Ошондуктан ким табиятка жакын болсо, саякаттоону сүйүп жана энтузиаст болсо – бул чыныгы кыялдагы багыт.

Белгилей кетсек, Британдык коомдук рейтингдин маалыматы боюнча 2018-жылы жөө туристтер үчүн Кыргызстан укмуштудай окуялуу алдыңкы бештикке кирди.