"Көчмөндөр ааламы" этно маданий фестивалы Ысык-Көлдүн жээгинде өттү

"Көчмөндөр ааламы" - Эл аралык этно маданий фестиваль Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. Аталган иш-чара Казакстан, Германия, Улуу Британия, Якутия, Жапония, Корея жана башка өлкөлөрдөн 350дөн ашуун катышуучунун башын бириктирди. Коноктор фольклор жана эстрада, бий, мода, айтычуулук өнөр тармактары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.  Белгилей кетсек, көздүн жоосун алган саамалык 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн маданий программалардын бири.

ТАЛГАТ КОБЖАНОВ, ФЕСТИВАЛДЫН КАТЫШУУЧУСУ/КАЗАКСТАН:

- Биз бул фестивалга казак элинин маданият тартылоо үчүн келдик. Биз башка өлкөнүн өкүлдөрү менен бирге чыгабыз. Ар бир музыкант өзүнүн улуттук аспабында кол ойнотот. Мен шанкобызды көрсөтүүнү көздөп жатам.

РАДЖАШЕКАР БИМАЧАР, ФЕСТИВАЛДЫН КАТЫШУУЧУСУ/ ИНДИЯ/

- Мен бул жерде еврей арфасында өнөр тартылоо үчүн келдим. Аспап «мОрсинг» деп аталат. Аталган аспапта мен 14 жашымдан бери ойнойм. Бул музыкалык аспапта ойноп жүргөнүмө 50 жыл толду.

«Этномода» категориясы да көрүүчүлөрдү көңүл кош калтырган жок. Бул номинацияда 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу өлкөлөрдүн дизайнерлери улуттук костюмдарды жана этномотивдер колдонулган кийимдерди көпчүлүктун назарына сунушташты.

“Көчмөндөр ааламы” фестивалы көп кырдуу көчмөндөдүн маданияттын көрсөттү. Уюштуруучулар жана  иш-чаранын катышуучуларынын айтымында, аталган саамалык этно маданияты сактоого жана көчмөн элдердин салттарын эл аралык деңгээлде жайылтууга зор салым кошту.