Кыргызстандын дыйкандары түшүм жыйноого киришишти

Кыргызстандын дыйкандары түшүм жыйноого киришишти. Биринчилерден болуп Араван району баштады. Бул жерде анар жыйнашат. Жаңы алып келген Август сорту абдан таң калтырып жатат. Ал өзүнүн таттуу даамы менен эле эмес, 1 килограммдан ашуун салмагы менен өзгөчөлөнөт.

Хаким-Шер Нодиров өзүнүн анар бакчасын 7 жыл мурда баштаган. Азыркы тапта бул жерде 300 түп өсүп жатат. Бактардын мөмө берүүсү 3 жыл мурда гана пайда болгонуна карабастан, өткөн жылы ал 20 сотых жерден 2 тонна түшүм алган.

ХАКИМ-ШЕР НОДИРОВ, БАГБАН:

- Анар менин кубанычым. Аларды өстүрүү оңой эмес. Булар аба ырайынын өзгөрүүсүнө туруктуу болгону менен, катуу суукка чыдашпайт. Анардын түшүмдүүлүгү аларды багып-кароого байланыштуу болот. Өткөн жылы эң чоңдору 1 килограммдан ашуун болгон. Ошондой эле, анарлар 20 күн эрте бышып, кошумча киреше алып келип жатат.

Жергиликтүү багбандар анар менен гана чектелишпейт. Алар жүзүм жана анжир да өстүрүшөт. Алля Анаров айыл аймагында бакча үчүн 100 гектар жер бирилген. Ошол эле учурда бакча өсүмдүктөрдүн аймагы жылдан-жылга өсүп жатат.

ШАХЗОДА НОДИРОВА, АРАВАН РАЙОНУНУН ТУРГУНУ:

- Багбанчылык – биздин негизги киреше булагыбыз. Өсүмдүктөр биринин артынан бири бышат. Мисалы, жүзүмдүн бары сатылып бүттү. Азыр анжирди сатып жатабыз. Эми кезек анарга да келет. Жакшы иштелген мезгил –бир жылга толук киреше.

Ал эми Казакстан, Орусия жана Кытай тараптары менен болгон экспорттук мамиленин жакшырышы кыргызстандык багбандардын кирешесин арттырат.

АКРАМЖОН УКТАМОВ, АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Көпчүлүк бөлүгү ички рынокто ишке ашып жатат. Акыркы 3-4 жылда экспортту да жөнгө салдык. Жергиликтүү мөмө-жемиштерди Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөргө жөнөтүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылды.

Өз учурунда Жалал-Абад облусунда мистенин түшүмү мол болду. 10 гектар жаңгак токоюнан Жумабек Султанбаев бир күндө 15 килограммга чейин түшүм чогултат.

ЖУМАБЕК СУЛТАМБАЕВ, НООКЕН РАЙОНУНУН ТУРГУНУ:

- Мурда деле жакшы түшүм жыйначубуз. Быйыл түшүм укмуштудай. Бир тоннага чейин  чогултуп алам деп ойлоп жатам.

Сынактын шарттары боюнча бир үй-бүлө үчүн 10 гектар мисте токойлору бөлүнөт. Кочкор-Ата токой чарбачылыгында 11 миң гектар бак бар. Алардын 300ү ижарачыларга берилген. Ал эми, Жалал-Абад облусу 33 миң гектар мисте  токоюна ээлик кылат.