Борбордук Азиядагы жаңылыктарга саресеп салуу

Өзбекстан ташуу көлөмүн арттырууда. Жүктор агымын көбөйтүүнү Баку-Тблиси-Карс» темир жол коридору эсебинен ишке ашыруу көздөлүп жатат. Бул тууралуу Азербайжандагы Өзбекстан элчиси Шерзод Файзиев «Тренд» маалымат агентигине билдирди. Анын айтымында, темир жол Борбор Азия өлкөлөрүнүн назарында болуп, аймактын транзиттик жана унаа- коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырат.

***

Тажикстан Өзбекстанга жөнөтүп келген электр энергия көлөмүн көбөйтөт. Экинчи жарым жылдыктын башынан тартып, экспорт төрт эсеге чейин өскөн-деп маалымадайт «ASIA-Plus» маалымат агенттиги. Мисалы үстүбүздөгү жылдын теке айында  республикага 417 миллион киловатт-саат  электр энергиясы жөнөтүлгөн. Мурда ай сайын болгону 110-120 млн экспорттолчу. Ошондой эле, жылдын аягына чейин Тажикстан Өзбекстан республикасын бир жарым миллиард киловатт-сааттан кем эмес электр энергиясы менен камсыз кылат

***

Өзбекстанда салынып жаткан металлургиялык завод жылына 500 миң тонна өндүрүш чыгарат. Бул туурасында «Uzbekistan Today»  маалымат порталы жазып чыкты. Ишкана автомобиль чанактары менен турмуштук техникага арналган металл жабдыктарын, металл чатырларды чыгарууну көздөп жатат. Шаймандар Италия, Германия, Австрия, Орусия жана башка да өлкөлөрдөн алынып келинген. Жаңы заводдун долбоордук баасы 286 миллион 700 миң еврону түзөт.

***

Түркмөнстанда пахта жыйноо иши башталды деп кабарлайт «turkmenportal» маалымат агенттиги. Быйылкы жылы миллион 50 миң тонна пахта  даярдоо көздөлүүдө. Белгилей кетсек, чарба жумушу толугу менен механизациялыштырылган, түшүм жыйноо жаңы модификацияланган жогорку өндүрүштү машиналардын жардамы менен ишке ашырылат. Эгин жыйноо ишине 1 миң 76 пахта жыйнай турган комбайн ишке кошулган. Бул 2016-жыл менен салыштырганда эки жарым эсеге көп.