Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы

Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы

Аймактык интеграция Борбор Азия аймактарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргыз серепчилер ассоциациясынын пикиринде, ал экономикалык, инфраструктуралык, унаа-транзиттик, билим берүү жана маданий байланыштардын өнүгүүсүнө таасир берет. Тышкы саясий тенденцияларга жаңы өнөктөш табууга жол ачат.

ЖОЛБОРС ЖОРОБЕКОВ, САЯСИЙ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Дүйнөлүк жана аймактык саясат – ааламдашууга умтулуу менен маанилүү иш-чараларга катышууну билдирет. Бул нерсени Мирзиёев да, Жээнбеков да жакшы билет, президент Назарбаев да муну ар дайым кайталап келет. Ошондуктан түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешине мүчө болушунун мааниси чоң.

Өзбекстан да бул тенденциядан четте калгысы келбейт. Расмий Ташкенттин түрк тилдүү мамлекеттер интеграциясына катышуу ниети ушул уюмдун күч-кубатын арттырары анык.

МАРАТ КАЗАКПАЕВ, АНАЛИТИКАЛЫК КОММУНИКАЦИЯЛАР БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Албетте бул кызыкчылыкты бүт өлкөлөрдүн башчылары – алгач Эрдоган, Назарбаев жана биздин президент колдоп жатат. Бул Өзбекстандын  тышкы саясатынын толук, чукул өзгөргөнүнөн кабар берет.

«Заманбап Жибек жолу» туристтик долбооруна жигердүү катышуучу өлкөлөр – Түркия, Казакстан, Азербайжан жана Кыргызстан. Серепчилер Өзбекстан кошулгандан кийин бул долбоордун аброю менен аймагы өсөт деген жыйынтыкка келишти.