Көчмөндөр оюндары: казак күрөшү боюнча мелдеш

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында казак күрөшү боюнча мелдеш өттү. Боз килемге казак спорту боюнча өз күчтөрүн сыноо үчүн 70 өлкөнүн өкүлдөрү чыгышты. Үч салмак даражасындагы кыл чайнашкан күрөштө казакстандык балбандар мыкты аттанды. Эки алтын жана бир коло казактардын куржунуна түштү. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында дүйнөнүн булуң-бурчунан келген жоон билек балбандар күрөштүн 12 түрү боюнча күч сынашты. Казакстан бул күрөштөрдүн бардыгына катышып, өлкөнүн ийгиликтерди багындырышууда. Күрөш түрлөрү боюнча курамадагы 50 балбан Казакстандын намысын абройлуу коргошууда.

АБИЛХАЙЫР МАУЛЕН, МЕЛДЕШТИН ЖЕҢИЧҮҮСҮ/ КАЗАКСТАН:

-Финалда кыргыз балбаны менен күрөштүм. Кыргыздар казак күрөшү боюнча күрөшүп жүргөн мамлекет. Казак күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон баланы финалда таза жеңиш менен уттум. Анын алдында моңгол, тажик, орус балбандарын жеңгем. Алдыга койгон максатыма жеттим. Алтын керек болду. Гимнибиз жаңырды.

ҚАРЛЫГАЧ РАМАЗАНОВА, КР МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРЛИГИ КОМИТЕТИНИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

-Башка спорт түрлөр боюнча натыйжабыз жаман эмес. Спортучуларыбыз табында десек болот. Анткени ири дүйнөлүк иш-чара болгондуктан жакшы даярдыктар менен келдик. Балдар окуу-машыгуулардан өтүштү. Алдыдагы максат алтын, күмүш, коло медалдарын алуу.