Көчмөндөр оюндары: эл аралык акындар айтышы

Кыргыз Ала-Тоосунун боорундагы Кырчын жайлоосунда улуу сөздөн кеп кылышып, сөз баккандар бетме-бет келишти. ІІІ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эл аралык акындар айтышы өттү. Казакстан жана Кыргызстандан келген 16 акын ыр жарышына түшүштү. 1-айланпада 8 жуп айтышып, финалга эки өлкөдөн 4төн акын жолдомо алышты.

НУРЛАН ЕСЕНКУЛОВ, АКЫН /КАЗАКСТАН/:

- Адамдын эки колундай, куштун эки канатындай деп аталарбыз ырдагандай эле казак менен кыргыздын достугу байыртадан уланып келе жатат. Биз да ушундай достуктун ырын ырдайбыз деп атайын туу көтөрүп келдик. Ошондуктан Алла оозубузга жакшы сөз салсын, эки элдин достугу түбөлүк улана берсин.

ИДРИС АЙТПАЕВ, АКЫН /КЫРГЫЗСТАН/:

- Илгери эле Токтогул, Жамбыл аталарыбыз чындыкты айтып кетишкен. Абылайхан, падышалар Бухар жырау акындын сөзүн угушкан. Ошондуктан кыргыз-казак ортосундагы достук эч качан экиге бөлүнбөсүн. Казак менен кыргыз достугунун бекемделишине салым кошо алган болсок, демек бул биздин башкы максатыбызга жеткенибиз.

Кырчын жайлоосундагы элди ыр менене суугарган жарыш 2 күнгө уланды. Баш байгени казакстандык Максат Аканов менен кыргызстандык Асылбек Маратов жеңип алды. Эки акынга 200 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Алдыңкы үчтүктөр да ар кандай аталыштар боюнча атайын сыйлыктарга ээ болушту.