Ош шаары нан бышыруу борборуна айланууда

Үч бурчтуу, төрт бурчтуу, беш бурчтуу. Кыргызстандын наабайчылары даамы тамшандырган ар түрдүү тандыр нандарын бышырууда. Акыркы жылдары Ош шаары нан бышыруу борборуна айланып барат.

ИСЛАМ БОКИЕВ, НААБАЙЧЫ:

- Азыр нан рыногунда чоң атаандаштык бар. Сатып алычууларды тартуу максатында мына ушундай жаңычылыктар ойлоп табылууда. Ушундай түрдөгү жапма нандарды бышыруу албетте татаал. Бирок, алар тез сатылат.

Нандардын түрлөрү ар кандай болгон менен, баасы кадимки тегерек нандын баасынан айырмаланбайт. Наабайканада сатып алычуулардын катары такыр үзүлбөйт.

ДИЛЯБЗА  РОЗАХУНОВА, ОШ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Бул нандын даамы өзгөчө, товардык көрүнүшү да сонун. Адатта, үйлөнүү тойго, конок чакырганда ушундай май токочторду сатып алабыз.

Бул жерде күнүнө орто эсеп менен бир миңден ашуун нан бышырылат. Атайын тапшырыктар да болот. Ал кездерде эки миңге жакын тандыр наны даярдалат.

БОХОДИР БОЙДИДАЕВ, НААБАЙЧЫ:

- Бир тандырга 80 май токоч батат. Бизде эки тандыр бар. Беш мүнөт ичинде 160 тандыр наны бышырылат. Нан даамдуу болуш үчүн камырга сүт, май кошобуз.

Ошто тандыр наны сатыла турган атайын ондогон орун бар. Алардын эң белгилүүсү түштүк-чыгыш дарбазасындагы шаарга кире бериште жайгашкан. Бул жерде сүттүү, майрамдык, патир, күлчөнүн 30га жакын түрүн жолуктурууга болот.

МУТАБАР ЮСУПОВА, ОШ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Азыр той мезгили, ошондуктан соода кызуу жүрүп жатат. Ош наны –аймакта эң даамдуу. Ошондуктан бизге райондордон атайын келип сатып алышат. Баасына, көлөмүнө, түрлөрүнө жараша тандоо көп.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Ош шаарында 76 наабайкана бар. Күнүнө бул жерде 60 миңден ашуун нан бышырылат.