Көчмөндөрдүн эң байыркы оюндарынын бири - Чүкө атуу

Көчмөндөрдүн эң байыркы оюндарынын бири  - Чүкө атуу. Өз өзгөчөлүктөрүн жоготпой келе жаткан оюн ар бир өлкөдө ар кандай аталышты алып жүрөт. Мисалы, Кыргызстанда –ордо деп аталат. Бүгүнкү күндө бул эң популярдуу оюндардын катарында. Саканы чимирилте аткан АКШ, Чехия курамаларынын даярдыктары мыкты. Эскерте кетсек, былтыр казактын улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.

- Менин атым Адрияна, мен Америкадан келдим. Биз азыр «Ордо» деген оюнду ойноп жатабыз.

ЖОМАРТ САБЫРЖАНОВ, РЕСПУБЛИКАЛЫК ЧҮКӨ АТУУ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ / КАЗАКСТАН:

- Көчмөн элдеринин баары ойногон оюну. Мен былтыр ЮНЕСКОго барып киргизип келгенде өз көзүм менен көрдүм, Индия эли менен француз аялдары биздин какпакулду мыкты ойношот. Ушул сыяктуу окшоштуктары көп. Жалпы бир баалуулуктарыбыздын өнүгүп жатканына биз кубанычтабыз.

Ат адамдын канаты. Бул жерде жал-куйруктары түйүлгөн тулпарлардын туяктарынын дүбүртү угулат. Албетте ушул күндөрү алгач колго үйрөтүлгөн жаныбарлардын жарышы «байгесиз» бир да маараке өтпөйт. Ошондой эле Кыргызстанда өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарында эр эңиш жана көк-бөрү спорт түрлөрү боюнча жарыш өтөт.

ЕРЕН ОСПАНОВ, УЛУТТУК СПОРТ ТҮРЛӨРҮ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН БИРИНЧИ ВИЦЕ-ПРЕЗИЕНТИ:

- Ушуну менен экинчи жолу катышалы деп турабыз. Көк-бөрү, эр эңиш, тыйын эңмей, жамбы атуу түрлөрү боюнча катышабыз. Эр эңиштен өзүбүздүн Азия чемпиондору бар, сексен чакырымдык Чоң байге деп аташат кыргыздар, ошого даярдалган жигиттерибиз бар. Өткөн жарыштардын баарында олжолуу орундарды алып жатабыз. Бул жолу да жеңишке ишенебиз.

КАНАТ АМАНКУЛОВ, ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АГЕНТТИГИНИН МҮДҮРҮ / КЫРГЫЗСТАН:

- Казакстан дээрлик бардык жарыш түрлөрүнө катышып жүргөн көп сандагы делегация. Эл аралык федерациянын колдоосу менен өткөн оюндарда кыл чайнашкан жана кызыктуу болгон казак күрөшү быйыл да уюштурулат.

Эскерте кетсек, 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Казакстандын курмасында 32 спорт түрүнөн өлкө намысын 204 спортчу коргойт. Азыркы тапта Казакстан жалпы медалдык эсепте 3-орунда келе жатат.

ТЭГИ: