3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан 3-орунда келе жатат

3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан 3-орунда келе жатат

3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсеби боюнча Казакстан 3 мыктынын катарында. 32 медалга ээ болгон Казакстан 3-орунда келе жатат. Алардын катарында 9 алтын, 9 күмүш жана 14 коло медаль бар. Медалдар байыркы кыргыз күрөшү – Алыш боюнча ойнотулду. Аталган спорт түрү боюнча  32 өлкөдөн 200 спортчу ат салышты. Ошондой эле кол күрөш боюнча 12 комплект медаль ойнотулду. Бул оюнда эркектер эле эмес, аялдар да күч сынашты. Жалпы 17 мамлекеттен 50 спортчу катышып, кыл чайнашкан мелдеш көрсөтүштү.  Оюндун аягына чейин  Кыргызстан жана Казакстандын спортчулары тирешишти. Бирок, финалда казакстандыктар күчтүрөөк болуп чыгышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, мелдештер 37 спорт түрү боюнча өтүп жатат. Аталган жарыштарда 53 мамлекеттин спортчулары күч сынашууда. Оюндардын тизмесине жаа аттуу, алгыр куш менен аңчылык, чыгыш үстөл оюндары, ат оюндары бар. Жалпы 594 медаль ойнотулат. Алардын 174 алтын, 173 күмүш, 247 коло. ДКОнун байге фонду 136 миллион теңгени түзөт.