Ысык-Көлдүн жээги чыныгы тартылуу борборуна айланды

Бул күндөрү Ысык-Көлдүн жээги чыныгы тартылуу борборуна айланды. 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – бул жалгыз эле улуттук оюндарды көрсөтүп коюу эмес, ошол эле учурда көчмөн дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурастарын кайра жаралтуу. Мисалы, Кырчын этно шаарчасында  туристтерге көчөндөрдүн каада-салты жана үрп-адаттары тааныштырылууда. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, бул ирет спорттук майрам өткөн оюнга салыштырмалуу масштабдуурак. Катышуучулар 37 спорт түрү боюнча күч сынашат. Аталган спорт түрлөрүнүн ичинде 16сы кыргыз улуттук спорт түрү жана башка көчмөн элдеринин  оюндары. Мисалы, ат оюндарынын ар кандай түрү, жаа атуу, алгыр куштар менен аңчылык кылуу, чыгыш стол оюндары жана күрөштүн 13 түрү. Оюндардын ичинде эң бүйүр кызытканы – Көк-бөрү. Бул оюн ат полосу менен баскетболдун аралашмасы.

УЛАН НАСАКЕЕВ, “КӨК-БӨРҮ” БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ СПОРТ ЧЕБЕРИ:

- Бул оюндарга абдан мыкты даярдык көрдүк. Биздин эң негизги каршылашыбыз албетте Казакстан. Казакстан жана Кыргызстан оюндардын фавориттери. Бирок, башка мамлекеттердин курамалары да мыкты даярданышыптыр. Мисалы, өткөн оюндарда АКШ жана Кытай мамлекеттери өздөрүн жакшы көрсөтүшкөн. Алар бул жолу да мыкты жыйынтык көрсөтөбүз деп убада беришүүдө. Менин угушум боюнча, ЮНЕСКО “Көк-бөрү” оюнун дүйнөлүк материалдык эмес эстелик деп жарыялаптыр. Бул абдан кубандырат. Себеби, бул оюндардан биздин ата-бабаларыбызды бүт дүйнө биле алат.

ХАО ЧЖАНЬ, КЫТАЙ ДЕЛЕГАЦИЯ КАТЧЫЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз Ички Монголиядан эң күчтүү спортчуларды тандап алдык. Алар башка катышуучуларга каршы жаа атуу, ат үстүндөгү спорт түрлөрү жана бардык 13 күрөшкө катышышат.

Белгилей кетсек, бул жылы жарыштар 80 мамлекеттен 3 миң спортчуну бириктирди. Өткөн күндөрдүн эсеби боюнча Казакстан Дүйнөлүк Көчөндөр оюндарынын жарышында сап башында келе жатат. Казак спортчуларында 19 медаль бар, алардын жетөө алтын. Экинчи орунда Кыргызстан, үчүнчү орунда Түркмөнстан. Эскерте кетсек, оюндар аяк оона айынын 8не чейин уланат.