3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кызуу өтүп жаткан учуру

Көчмөндөр цивилизация жаңырткан 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кызуу өтүп жаткан учуру. Бул – Кыргызстандын Кырчын капчыгайы. Өткөнгө терең маани берген боордош элдердин урпактары тоо боорлоруна миңден ашуун боз үй тигип, шан-шөөкөттүү тойдо биригишти. Ал жерде куштарын чакырган мүнүшкөрлөрдүн үнү алыстан угулат. Бул жерде мүнүшкөрлөр таптап алып келген бүркүттөрүн колуна чакырып, ууга салып жатышат.

БАЗАРБЕК КҮНТУГАН УУЛУ, МҮНҮШКӨРЛҮК БОЮНЧА АГА МАШЫКТЫРУУЧУ / КАЗАКСТАН:

- Куштарыбызды даярдап, Кыргыз мамлекетинде жогорку деңгээлде  өнөр көрсөтөбүз деген үмүт менен келдик. 2016-жылы 2-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында Казакстан курамасы үчүнчү орунду ээлеген. Быйыл да буюрса биринчи орунду үмүт кылып келдик. Аны эми убакыт көрсөтөт.

САЛАВАТ АЙБЕК УУЛУ, МҮНҮШКӨР / КЫРГЫЗСТАН:

- Бүркүт салып жүргөнүмө 6 жыл болду. Былтыр 2-оюндарды ушул бүркүт менен уткам. Бүркүтүмдүн аты Чагылган. Эми быйыл да Көчмөндөр оюндарына катышам деп даярданып жатабыз.

Көчмөндөрдүн жашоосунда жети казынанын бири - иттин мааниси өзгөчө болгон. Ошондуктан өткөндү чагылдыра турган талаа оюндарын иттин мыктысы катары саналган казактын таза кандуу кумай тазыларысыз элестетүү мүмкүн эмес.

БЛИЦ

1. Итим эки жашта. Эки жылда Павлодар облусундагы жарышта 2 жолу чемпион болгон. Казакстандын ачык чемпионатында биринчи келген ушул таз.

2. Сыртанда, Туйгунда жакшы жүгүрүшөт. Казакстандан дагы Хан, Алар деген төрт таз алып келдик. Бул бир жаш, төрт ай. Кудай кааласа жеңебиз деген оюбуз бар.

Улуу талаада аңчылык кылып, көзгө аткан, олжону көз жаздымда калтырбаган көчмөндөрдүн мергендерине тарых күбө. Бул нерсеге колуна жааны кармап, олжону көздөөгө кадам таштаган мергенчилердин көрүнүшү дагы бир ирет далилдеди.

НА ШУНЖИРГАЛА, ЖАРЫШТЫН КАТЫШУУЧУСУ / КЭР:

- Мен Монголияда туулуп-өстүм. Ошондуктан талаа жашоосу мага жакшы тааныш. Бабаларыбыздын жаа атуу өнөрүн өздөштүрүп жүргөнүмө 10 жылдай болду. Кыргыз жеринин табияты менен салт-санаасы туулган жерим сыяктуу таасир калтырды.

ЦАГАН КОКШОВА, ЖАРЫШТЫН КАТЫШУУЧУСУ / ОФ КУРАМАСЫНДАГЫ КАЛМАК РЕСПУБЛИКАСЫ:

- Талаа элдери байыртадан бери жаа атууну мыкты билишет. Азыркы тапта Калмак өлкөсүндө бул жоокердик өнөргө зор маани берилип, кайра жаңыртылууда. Бүгүнкү күндө мурункудай назик жандар да жигиттер сыяктуу жаа атууну өздөштүрүп жатышат.

Кыргызстандын Кырчын капчыгайындагы көчмөндөрдүн салттуу оюндары аяк оона айынын сегизине чейин уланат.