3-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары

Борбор Азиядагы эң кооз, көздүн жоосун алган окуялардын бири – 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда башталды. Кырчын жайлоосунда этно шаарча жайгашып, 1000ден ашуун боз үй тигилди. Дал ушул жерде эң ажайып көрүнүштөр менен жарыштар өтөт. Алардын катарында байыртадан келе жаткан ат оюндарынын бир түрү – «Көк бөрү» жана алгыр куштар жана иттер менен улуттук аңчылык жарышы да бар. Бүгүн бул жерде жаа атуу боюнча жарыша турган  спортчулар үчүн машыгуу күнү өттү. Көчмөндөр оюндарында бул спорт түрүнүн бардык түрү болот. Мисалы, кыргыз, түрк, корей жана венгрия түрлөрү. Ошондой эле мергендер ат үстүндө жаа атуу боюнча күч сынашат. Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына кирген спорт түрлөрүнүн тизмеси көрүнүктүү өскөн.

КАНАТ АМАНКУЛОВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАШТАР ЖАНА СПОРТ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК  АГЕНТТИКТИН МҮДҮРҮ:

- Спорт түрлөрүнүн тизмеси көбөйдү. 2-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 24 спорт түрү болсо, бул ирет алардын саны 37ге жетти. 82 өлкөдөн эки жарым миңден ашуун спортчу каттоодон өткөн. Эң көп делегация Казакстандан келди. Алар оюндардын бардык түрлөрүнө катышат. Мисалы, күрөш, ат оюндары жана башка. Ошондой эле Орусия жана Өзбекстандын да делегациясы көп адамдан турат.

Азыркы тапта Көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн эң алдыңкы ММКлардын көңүлү бурулуп жатат. Жарыштардын жүрүшүнө 500дөн ашуун чет өлкөлүк жана 700 ата мекендик журналист көз салып жатат.

АРИЭЛЬ СОФИЯ БАРДИ, ЖУРНАЛИСТ / АКШ:

- Мага улуттук кийимдер абдан жакты. Бул жерде ар кайсы өлкөдөн келгендер көп. Бул абдан кубандырат жана шыктандырат. Этноспорт - мен үчүн жаңы нерсе. Мен кандайдыр бир спорт түрүнүн күйөрманы эмесмин. Бирок, бул жерде чындыгында кызыктуу. Көп салттар, байыркы спорт түрлөрү, бай тарых. Спорттук жарыштарды, айрыкча “көк бөрүнү” көрүү мен үчүн абдан кызык.

ПАВЕЛ СУХОРУКОВ, БАСМА ҮЙҮНҮН МҮДҮРҮ / БЕЛОРУССИЯ:

- Белоруссия Көчмөндөр оюндарында алгачкы ирет катышып жатат. Биз албетте көчмөн маданияттуу эл эмеспиз, бирок, бул нерсе абдан кызыктуу жана таасирлер абдан көп. Мага абдан жагып жатат, башка маданият, башка менталитет. Бул бизге-журналисттерге абдан кызыктуу.

КАРИМБЕРДИ ТУРАМУРОД, ЖУРНАЛИСТ / ӨЗБЕКСТАН:

- Кыргыз, казак жана бизде өзбектерде оюн түрлөрү окшош. Оюндардын урааны: “Күч биримдиги, рух биримдиги” жана бул нерсе иш жүзүндө далилденип жатат.

Көчмөндөр оюндарынын башкы максаты - кыргыздардын бай тарыхы жана маданиятын эле эмес, Евразия элдеринин маданиятын да көрсөтүү. Алардын айтымында, аталган жарыштар  этноспорттун эл аралык аренада жайылтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.