Көчмөндөр оюндарына даярдык

 Көчмөндөр оюндарына даярдык

Кыргызстанда өтө турган 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 200дөй казакстандык спортчу катышат. Казакстандык курам ири дүйнөлүк жарышта көп сандуу делегаттардын бири болот. Азыр Улуу талаа баатырлары эл аралык мелдешке акыркы даярдыктарын бышыктап, камданып жатышат.  Азыркы тапта Бишкектен жарыштар уюштурула турган Чолпон-Ата шаарына чейинки жолду оңдоо иштери жыйынтыкталууда. Эми автомагистраль 4 тилкелүү болот.

ШАБДАНБЕК ИМАНКУЛОВ, ЖОЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Бир катар көйгөйлөр жаралып, жолдун 2-кабатын толук төшөп үлгүрбөйбүз. Бул өтө ири долбоор. Жалпы узундугу 104 чакырым. Негизги бөлүгүн аяктайбыз.

3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган башкы объект Чолпон-Ата ипподрому. Эки жыл мурун ал толугу менен жаңыртылган. Ипподромдун курулушу кыргыздын улуттук көрүнүштөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө ылайык жүргүзүлгөн. Тышкы маңдайын даярдоо кезинде кошумча арена салынды. Эми кеңейтилген объектте театралдаштырылган спектаклдерден башка көптөгөн жарыш түрлөрүн уюштурууга болот.

ЕЛАМАН МАМЫТОВ, ИППОДРОМ МҮДҮРҮ:

- Оюндар башталганга чейин Көк-бөрү аянтындагы кумдун бир кабатын алып салууну көздөп жатабыз. Ал аттардын туягы батып кетпеши үчүн жасалат. Мындан сырткары мелдештер кызыктуурак болот.

Эскерте кетсек, 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 өлкө катышуу ниетин билдирген. Жарыштын алкагында 600дөн ашуун медаль ойнотулат. Эл аралык деңгээлдеги мелдештин жалпы байге фонду 26 миллион сомду түзөт. Бул болжол менен төрт жүз миң доллар. 37 мелдеш түрүнүн бири килемде мыкты балбандар аныктала турган казак күрөшү өтөт. Ошондой эле, спорттук жарыштар менен катар көчмөндөрдүн турмуштук салтын чагылдырган маданий иш-чараларды өткөрүү дө көздөлгөн.