Кыргызстандын түндүгүндө норвегиялык форель балыгы өстүрүлөт

Кыргызстандын түндүгүндө норвегиялык форель балыгы өстүрүлөт. Балыктын бул түрү акырындык  менен борбор азиялык республиканын өздүк брендине айланууга жетишти. Чабактар деңиз деңгээлинен 3 миң метр ашуун бийиктеги тоо кыркаларында өстүрүлөт.

ЭРКИНБЕК ТУРДАКУНОВ, БАЛЫК ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН ЖУМУШЧУСУ:

- Тоо дарыяларында балык уулоону жактырам. Бул жакка жумушка чакырганда кубана келиштим. Он чактуу тренингге катыштым. Тоодогу климат катаал, суу муздак, ошондуктан балыктын жагдайын көзөмөлдөп туруу керек.

Алдыдагы милдет – форель чарбачылыгын өнөр жай деңгээлине чыгаруу, дешет адистер. Буга керектүү мүмкүнчүлүктөр бар жана бул багыт балык чарбачылыгынын алдыңкы тармагына айлануусу мүмкүн. Жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүүгө даяр. Балык өстүрүү менен алектенген фермалардын санын жыл сайын көбөйтүү мерчемделген. Азыркы тапта 7 чарбачылык бар. Бирок, алардын өндүрүшү коңшу облустар менен Бишкек шаарынын талап кылуучуларын камсыз кылууга жеткиликтүү. Келечекте ЕАЭБ өлкөлөрүнө форель экспортун жолго салуу көздөлүп жатат.

ЖАКЫПБЕК СУБАКОЖОЕВ, НАРЫН ОБЛУСУНУН АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН АКИМИ:

- Балык өстүрүү өтө эффетивдүү кесип. Тоо суусу таза болгондуктан, балыктын сапаты да жакшы. Ушул жетишкендиктер менен чектелбей, коңшу өлкөлөр менен кызматташтык орнотуп жатабыз.

Жергиликтүү тургундар форелден тамак даярдоону адатка айландырышкан. Алар дүкөндөн балык алуу үчүн кезекке турушат. Өнүмдү өз убагында жеткирүү үчүн алдын ала тапшырык алуу жагы да ойлонуштурулган.