Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык - Kazakh TV

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталаарына бир айдан аз убакыт калды. Азыркы тапта катышуу үчүн 44 мамлекет өтүнмө берди. Эскерте кетсек, быйыл мамлекеттер 37 спорт түрү боюнча ат салышат. Алардын катарында кыргыз күрөшү да бар. Мелдеш олимпиадалык система боюнча өткөрүлөт. Башкача айтканда, балбан бир жолу утулса турнирден четтетилет.

ЧЫНГЫЗ ЧАЛАБАЕВ, КЫРГЫЗ КҮРӨШ БОЮНЧА УЛУТТУК КУРАМАСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Көчмөндөр оюндары биздин өлкөдөгү жаштар үчүн чоң стимул болду. Бардыгы тер төгө машыгып, Улуттук курамага кирип, ДКОдо өз күчтөрүн сынап көргүсү келет. 2014-жылга салыштырмалуу кыргыз күрөшүнө кызыккандар көбөйдү. Курамага кире тургандардын катары калың. Машыктыруучуларга талап катуу. Себеби, балбандар ар башка күрөш түрлөрүнөн келишет. Машыктыруучунун милдети кыргыз күрөшүн үйрөтүү.

Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курамасына 16 балбан кирген. Азыркы тапта алар машыгууларды өткөрүп жатышат. Масштабдуу этно окуяга оюндун катышуучулары эле эмес, спорттук аянттар да кызуу даярдалууда. Чолпон-Атадагы ипподромдо иштер өз нугу менен жүрүп жатат. Аталган стадион эл аралык архитектуралык сынактардын жеңүүчүсү болгон. Бул курулуш чет өлкөлүк туристтерди да, кыргызстандыктарды да өзүнө тартып турат.

ИДОЯТ ЭРГЕШОВА, ТУРИСТ (НАЛОЖЕНИЕ)

- Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөрдү жана теле көрүүчүлөрдү  өзүнө тартып, спортчулардын башын бириктирген майрам бар экени кубандырат. Атайын Ысык-Көлдүн кооздугун жана оюндарга даярдык кандай жүрүп жаткандыгын көрүү үчүн келдим.

Цирктик номерлер, 3D графикаларын колдонуу аркылуу театралдаштырылган, оттук жана жарыктык шоулор. Бул жылы оюндар дагы да масштабдуу жана кооз болот деп уюштуруучулар убада беришүүдө. Келген конокторду 15 өлкөдөн келген ыктыярчылар тосуп алып, өз орундуктарына чейин узатышат.

КАНЫБЕК КАДЫРАЛИЕВ, ИППОДРОМДУН АДМИНИСТРАТОРУ:

-  Эми көрүүчүлөрдүн орундуктары да блокторго бөлүнөт, мындай жагдайда өз орундуктарын табуу оңой болот. Мындан сырткары кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүк туристтерди ыктыярчылар тосуп алып, жардам берип, ачылуу жана жабылуу аземинин программалары боюнча айтып беришет.

Белгилей кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын масштабдуу ачылуу аземине билеттер сатыкка чыкты. Аталган мааракени чагылдыруу үчүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн жүздөй ММК келет. Алардын катарында «Казах ТВ» телеканалынын тартуу тобу да бар.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии