Тажикстан Казакстандын кайра жанма энергия булактары боюнча тажрыйбасын өздөштүрөт

Казакстандын кайра жанма энергия булактары боюнча киргизген жаңычылыктары Борбор Азия мамлекеттерине үлгү. Тажикстан Казакстандагы энергия айланасындагы тажрыйбаны өздөрүнүн системасына кабыл алууга кызыктар. Ушул максатта коңшу өлкөнүн атайын адистер тобу Астанада иш сапары менен болушту. Делегат курамындагы парламент, тармактык  мамлекеттик органдар менен мекеме өкүлдөрү Астанадагы энерго эффективдүүлүк борборунун иши менен тыкыр таанышышты. Объект энергияны ысырап кылбоо максатында үнөмдөө технологиясынын негизинде салынган. Имараттын жылуу системасына жумшала турган энергия 30%дан  ашпайт. Бул жылуу обочолонткуч материалдары менен күн, шамал, жер кубатын пайдалануунун натыйжасы. Борбордун жер төлөсүндө жайгашкан заманбап орнотмо кышта жылуу, жайда салкын температураны сактоого ылайыкталган.

ДОСАН ҚУРМАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ТУРАК ЖАЙ КОММУНАЛДЫК ЧАРБАЧЫЛЫГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК БОРБОРУНУН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Тажикстандык конокторго энерго эффективдүүлүк борборунун мүмкүнчүлүктөрү толук тааныштырылды. Имараттын маңдайында орнотулган электр энергиясын өндүрө турган күн батареялары менен панелдер сыяктуу фотовальтикалык түзмөктөр, ысык суу менен камсыздалган, жылуу системасында энергия үнөмдөй турган, жылуулук сактай турган гелео-коллекторлор, бир сөз менен айтканда имараттын кубатын сыртка чачпаган технологиялардын бардыгы көрсөтүлдү.

Ошондой эле, тажикстандык коноктор жашыл экономика менен экологиялык коопсуздук эрежелерине негизделген Казакстандын экологиялык мыйзамы менен таанышышты. Азыркы тапта чек аралаш мамлекеттин өкмөтү да экологиялык кодекстин жаңы мыйзам долбоорун түзүп жатат. Документ 2019-жылдын аягына чейин кабыл алынат.

ФАЙЗАЛИ ИДИЗОДА, ТАЖИКСТАН ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ УЛУТТУК МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Казакстан – экологиялык кодекс түзүү боюнча тажрыйбасы өтө бай мамлекет. Анткени сиздерде 2009-жылы алгачкы жолу атайын мыйзам киргизилген. Ага эл аралык алдыңкы үлгүдөгү тажрыйбаларга, Париж келишимине негизделген 63 өзгөртүү менен толуктоо киргизилген. Бул жерде күн панелдерин чыгаруу менен алектенген заводдун жумушунан кабар алдык. Биздин өлкө аймагынын 93 пайызын тоолор ээлейт. Ошондуктан ушул тажрыйба бизге абдан кызык болду.

Белгилей кетсек, таанышуу иш сапары Казакстандын экологиялык уюмдар ассоциациясынын Жашыл экономиканы колдоо Коалициясынын уюштуруусу менен өттү. Максат – Борбор Азия аймагында жашыл демилгелер менен инновациялык долбоорлордун чөйрөсүн көбөйтүү.