Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн байланыштары

Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытай кызматташтыгы жанданууда. Эки өлкө ич ара өнөктөштүк тилкесин кеңейтишүүдө. Мында «Бир кур - бир жол» демилгесинин салымы чоң. Анын алкагында аймак өлкөлөрү биргелешкен долбоорлорду жигердүү ишке ашырууда. Натыйжасында жалпы өндүрүштүн экономикалык көрсөткүчтөрү көбөйүп, транспорт логистикалык инфраструктура жакшырып, транзиттик жүк ташуулар жогорулап жатат. КЭРдин Казакстандагы Элчилигинин иштеринин убактылуу ишенимдүү өкүлү Лю Цзяньпиндин айтымында, Борбор Азия аймагы Жибек жолу экономикалык курунда негизги ролду ойнойт жана өсүш мүмкүнчүлүгү жогору.

ЛЮ ЦЗЯНЬПИН, КАЗАКСТАНДАГЫ КЫТАЙ ЭЛЧИЛИГИНИН ИШТЕРИНИН УБАКТЫЛУУ ИШЕНИМДҮҮ ӨКҮЛҮ:

- Бул аймактын Кытай менен карым-катнашынын эки миң жылдан ашуун тарыхы бар. Бай тарыхы менен катар бүгүнкү күндө жигердүү өнүгүү үстүндөгү келечеги зор аймак деп айтаар элем. Бул тапта Борбор Азия өлкөлөрүнө өнүгүүнүн жарык үлгүсүн таанытып келе жаткан Казакстанды өзгөчө белгилеп кетким келет. Казакстан өз жолун тандап дүйнөлүк көчтөн калбай келе жаткан өлкө. 

Казакстан аймакта алгачкылардан болуп кытай демилгесин колдоду. Бүгүнкү күндө Кытай менен биргеликте 51 долбоорду ишке ашырылууда. «Бир кур-бир жол» алкагындагы кызматташтыктын бири – Астанадагы жеңил рельстүү унаа желесинин курулушу. Борбордогу жүргүнчүлөрдү ташыган жаңы объекттин багытында   18 заманбап станция менен 10 жер астындагы 8 жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтмөгү курулат. Кытай тарап долбоорго 2 миллиард доллар бөлгөн.

ЛЮ ЦЗЯНЬПИН, КАЗАКСТАНДАГЫ КЫТАЙ ЭЛЧИЛИГИНИН ИШТЕРИНИН УБАКТЫЛУУ ИШЕНИМДҮҮ ӨКҮЛҮ:

- Бул долбоор келишимине 2015-жылы эки өлкө башчылары кол койгон. Демек, бул эки тарапка тең өзгөчө стратегиялык мааниге ээ демилге экенин байкоого болот. Биз ушуга чейин бир нече биргелешкен долбоорлорду ишке ашырганбыз. Ушул демилгени ийгиликтүү ишке ашырабыз деп ойлойм.

Ошондой эле, эки тарап энергетика, жеңил өнөр жай жана айыл чарбачылыгы багыттары боюнча өнөктөштүктү жакшыртты. Мындай тыгыз карым-катнаштын орношу аймактын жалпы өнүгүшүнө оң таасир берет, дешет серепчилер.