Борбор Азия: Мамлекеттик кызматты жакшыртуу

Борбор Азия өлкөлөрү мамлекеттик кызматты реформалоо тармагында күчтөрүн бириктирүүдө. Аймак өлкөлөрүнө мындай мүмкүнчүлүктү мамлекеттик кызмат  тармагындагы Астана хабы сунуштап жатат. Хаб аянты аркылуу тарапташтар бири-бири менен бул тармактагы өз тажрыйбаларын бөлүшө алат. Тармактагы акыркы жетишкендиктер хабдын жыл сайын өтүүчү конференциясында сунушталды. Ага 40 өлкөдөн 200гө жакын катышуучу келди. Ошондой эле бул жерде АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик кызматкерлеринин айлык акы төлөмүнүн тренддери жөнүндө сөз болду.

АЛИХАН БАЙМЕНОВ, АСТАНАДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ХАБЫНЫН БАШКАРУУЧУ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Иш-чара туруктуу өнүгүү кезинде мамлекеттик кызматты жакшыртууга арналган. Сиздер билгендей, Башкы ассамблея Туруктуу өнүгүү максаттарын кабыл алган. 17 максаттын бири - мамлекеттик башкаруу сыяктуу институттарды өнүктүрүү. Заманбап мамлекеттик кызматтын тренддеринин катарында адистерди тандоого өзгөчө көңүл бөлүнүп жатат. Анткени көп нерсе кызматкерлерге байланыштуу. Ошондуктан дүйнөдө кадр кызматы, HR бөлүмдөрү жогору мааниге ээ. Биз да ушул маселеге терең маани берип жатабыз.

Астана хабынын башкы милдети – мамлекеттик кызматты жакшыртуу ишинде өкмөткө колдоо көрсөтүп, тийиштүү изилдөөлөрдү жүргүзүү. Тыгыз байланыштын натыйжасында иште колдонула турган жаңы ыкмалар пайда болот.

РАДЖАБМУРОД ТОЛИБОВ, ТАЖИКСТАН ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ АГЕНТТИГИНИН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Тажикстан – Астана хабынын мүчөсү. Ошондуктан ушул хабдын алкагында биз ар кандай изилдөөлөргө катышабыз. Бирдиктүү изилдөөлөр мамлекеттик кызмат, адам ресурстарын башкаруу, мамлекеттик кызматтарды сунуштоо менен мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын изилдөөгө арналат.

АЛМАЗ НАСЫРОВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯСЫНЫН РЕКТОРУ:

- Хаб мамлекеттик кызмат менеджментинин меритократия сыяктуу мыкты тажрыйбасын киргизүүдө. Кыргызстан акимчилик-аймактык системаны реформалоо, экономиканы санариптештирүү жана адам капиталынын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү тармактарындагы тажрыйбасы менен бөлүшө алат.

Астана хабын  25 мамлекет менен 5 эл аралык уюм түзгөн. Азыркы тапта хабга Түндүк, Түштүк Америка, Европа, Кавказ жана Борбор Азиядан 40 өлкө мүчө.