Борбор Азия өлкөлөрү: Климаттын өзгөрүшү

Борбордук Азия үчүн ааламдык жылуулук мегатренди ири тобокелдиктерди алып келүүдө. Экологдордун айтымында, Евразиядагы 5 мамлекет “климаттын нервоздугуна” дуушар болгон. Биринчи кезекте климаттын өзгөрүшү айыл чарбачылыгына терс таасирин тийгизет, дешет  серепчилер. Кургакчылык – бул соода-сатык коопсуздугуна коркунуч. Дарыялардын тайыздануусунан энергетикалык тилке да жабыркашы мүмкүн. Себеби, кээ бир өлкөлөр электр энергиясын гидроэлектростанцияларынан алышат. Климаттык өзгөрүүлөрдү иреттөө үчүн Борбор Азия өлкөлөрү күчтөрүн бириктиришет. Мамлекеттер аралык диалог үчүн ушул багыттагы уникалдуу Аймактык экологиялык борбор кызмат кылат. Анын милдети айлана-чөйрөнү коргоону күчөтүү, бул тармакка экологиялык-инновациялык ыкмаларды киргизүү жана тажрыйба, маалымат алмашууну камсыз кылуу. Борбордук Азиянын аймактык экологиялык борборунун максаттуу аудиториясы андагы  5 өлкөнүн мамлекеттик органдары менен бей өкмөт уюмдары.

ЖАННА БАБАГАЛИЕВА, БААЭБ “КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ ЖАНА ТУРУКТУУ ЭНЕРГЕТИКА” ПРОГРАММАСЫНЫН АДИСИ:

- Азыркы тапта байкалып жаткан бир нече факторлор бар. Биринчи кезекте климаттын өзгөрүү натыйжасындагы табигый кырсыктардын жыштыгы. Бул сел агымдарынын жыштыгы, кургакчылык, ташкындар жана башка өсүп жаткан белгилүү табигый кырсыктар. Ошондой эле эксперттердин айтымында, акыркы 10-15 жылда дүйнөлүк өсүштөн ашып жаткан аба температурасынын жогорулашы байкалууда. БУУнун өнүгүү программасынын божомолунда, алдыдагы 10-15 жылда Борбордук Азияда суунун жетишсиздиги пайда болот.

Ар кандай климаттык өзгөрүштөрдүн натыйжасында Борбордук Азия өлкөлөрүндө  2030-2050-жылдары аба температурасы 1-3 °Cге жогорулайт. Ошондуктан Борбордук Азиянын аймактык экологиялык борбору Арал деңизинин бассейниндеги климаттын өзгөрүүсүнүн натыйжасына ыңгайлашуу жана жеңилдетүү боюнча программаны ишке ашырууда. CAMP4ASB» (КэмпФорЭсБи) долбоору 2016-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен башталган. Долбоор 2021-жылга чейин уланат. 

ЖАННА БАБАГАЛИЕВА, БААЭБ “КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ ЖАНА ТУРУКТУУ ЭНЕРГЕТИКА” ПРОГРАММАСЫНЫН АДИСИ:

- Биз Борбор Азия өлкөлөрүндө сурамжылоо жүргүзүп, аталган өлкөлөргө эмне керектигин изилдеп чыктык. Аларга кандай маалыматтык азык-түлүк керек. Ошондой эле бизде гидрометеорологиялык кызматтарды жаңыртуу боюнча курам бар. Бардыгы иштеп жатат, биз гидромет кызматтардан суроо-талаптарды алдык. Жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, бизде климаттык, гидрологиялык үлгүлөр боюнча  мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу боюнча окутуу суроо-талаптары да бар.

Өзгөрүп жаткан климатка ыңгайлашуунун маанилүү шарты – күнөсканалык газдар чыгындыларын төмөндөтүү. Белгилей кетсек, аталган 5 мамлекет Париж келишимине кошулуп, алардын кыскартуу боюнча милдетин алган. Мамлекеттер “жашыл экономикага” өтүү боюнча чечимдерди кабыл алып, кайра жанма энергия булактарын өздөштүрүп, энергоэффективдүүлүктү жогорулатышууда. Бул аракеттер климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жеңилдетет, дешет серепчилер.