Суу ресурстары тармагында ич ара эффективдүү кызматташтык Борбор Азия өлкөлөрүнө жылына 4 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө киреше алып келиши мүмкүн. Аны менен катар, аймактык кызматташтыкты бекемдөө өзөктүү экологиялык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бур тууралуу Ташкентте өткөн Борбор Азия эл аралык экологиялык форумунда айтылды. Быйыл 2-жолу уюштурулуп жаткан форумга Ооганстан да кошулду. Аталган жолугушууда Аралды сактап калуу чаралары менен Казакстандын деңизди калыбына келтирүүгө арналган программалары жөнүндө сөз болду. Иш-чаранын катышуучулары Казакстандын деңиз түбүндөгү туздун тарашына тоскоол боло турган сөксөөлдү тигүү маселеси менен «жашыл экономикага» өтүүнү да колдошту.

КУРАЛАЙ КАРИБАЕВА, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- Бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен эл аралык уюмдар, ошондой эле донорлор биргеликте иш жүргүзгөндө гана, эмгектин жыйынтыгын көрүүгө болот. Ошондуктан Казакстан бүткүл Борбор Азия ичинде ушул маселеде лидер болуп эсептелет.

Табигый тең салмактуулукту сактоо менен кайра жанма энергия булактарын өндүрүү жана турмуштук калдыктарды жою – күн тартибиндеги өзөктүү маселе. Анткени окумуштуулардын келтирген маалыматына таянсак, жер бетинде жыйылган пластикалык идиштердин калдыгы 300 миң тоннадан ашып түшөт.

ЗУЛФУХАР ЖОЛДАСОВ, КР ЭКОЛОГИЯЛЫК ИРЕТТӨӨ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Калдыктардын кайра иштетүүсүн 40 пайызга жеткизүү жөнүндөгү олуттуу долбоорубуз бар. Азыр ошол калдыктарды жерге көмүүгө тыюу салууга байланыштуу экологиялык кодекске бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Белгилүү бир товарлар импорттолгон кезде, мисалы, унаа менен шиналар дагы башка товарларга төлөм милдеттемелерин кеңейтүү сыяктуу жеңилдиктер караштырылган. Бул каржы кайра иштетүү тармагын жакшыртууга жумшалат. Ошонун аркасы менен азыркы тапта көптөгөн компаниялар  ушул иш менен алек болушууда.

Быйыл Ааламдык экологиялык фонд Борбор Азия өлкөлөрүнө 2 миллиард АКШ доллар каражат бөлдү. Ал жерди эффективдүү пайдалануу менен деградациядан сактоого багытталат. Өзбекстан өз кезегинде бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алып, Аму дарыя менен Сырдарыя суу ресурстарын пайдалануу жөнүндөгү конвенцияны жандандырууну сунуштады.

ШАХ ЗАМАН МАЙВАНДИ, ООГАНСТАНДЫН КУРЧАГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО АГЕНТТИГИНИН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Климаттын ааламдык өзгөрүшү, кургакчылык менен ысык аба ырайы фермерлерге тескери таасир берип жатат. Жерлерибиз тоолуу болгондуктан, аптаптуу ысыкта суу болбосо, жашылчалар кугап калат. Ошондуктан биз сууну үнөмдөөнү билебиз. Негизи экономиканы экологиядан бөлүп карашыбыз керек. Ошондо гана тең салмактуулук болот.

Табигый тең салмактуулуктун бузулушу ааламдык жылуулукка тартуу процессин тездетүүдө. Ушуга байланыштуу, адистердин байкоосу боюнча, 2050-жылга карай агын сууга болгон суроо-талап 30 пайызга өсөт. Ошондуктан суу ресурстарын эффективдүү пайдаланып, заманбап технологияны көбүрөөк киргизүү багытында күчтөрдү бириктирүү маанилүү, дешет серепчилер.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии