Казакстан-Кыргызстан кызматташтыгы ар тармакты камтыйт. Чек аралаш аймактарда боло турчу өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүү - кызматташтыктын маанилүү багыттардын бири. Кыргызстандын 7 облусу болсо, анын үчөө Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустары Казакстан менен чектешет. Бул жердеги өзгөчө кырдаалдар дарыялар менен байланыштуу. Көчкү, сел же суу ташкындары ар дайым болбосо да, андай жагдайларга даяр болуу керек. Эки эл ортосундагы жолдордо унаа-жол кырдаалдары көп катталып турат. Бул ортодо катталган өзгөчө кырдаалдардын түрү. Ошол себептүү куткаруучулар өз ара жолугуп, тажрыйба алмашып, билимдерин жогорулатышат. Алар Борбор Азия аймагында өтө турчу машыгуу иштеринде жана уюмдашкан коопсуздук иштеринде квалификациясын жогорулатууну адатка айландырышкан. Өзгөчө кырдаал тармагына адис даярдоо ишинде да кызматташтык орногон. Бүгүнкү күндө Көкшетау техникалык институтунда Казакстан сунуштаган квота боюнча жыйырма сегиз кыргыз студенти окуйт.

ЮРИЙ ИЛЬИН, КР ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Практикалык иштер кезинде талкууланган суроолор менен көп кабаттуу имараттагы өрттү өчүрүүнүн жаңы ыкмалары менен танышуу өтө маанилүү. Себеби, ушул тапта жасалган жумуш натыйжасында жаңы салына турган имарат курулушуна байланыштуу өзгөрүштөр менен толуктоолор киргизилет. Бул система биздин Көкшетау техникалык институтунун негизинде жаш адистерди даярдоо үчүн жасалат. Дал ушул жерде коңшулаш Кыргыз Республикасы жарандарын өзүнө адистерди даярдоо үчүн окутуп жатышат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии