Энергия менен сууну пайдалануунун өсүшү, калдыктардын көбөйүшү, климаттык өзгөрүштөр. Аталган дүйнөлүк экологиялык сын-каталарды чечүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрү ар тармактуу өнөктөштүктү бекемдешет.

ЗУЛФУХАР ЖОЛДАСОВ, ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН ЭКОЛОГИЯЛЫК ИРЕТТЕШТИРҮҮ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз көптөгөн дүйнөлүк маселелер боюнча эл аралык бирикмелерге кирип жатабыз. Атмосфера, парниктик газдар, суу, биологиялык көп түрдүүлүк,  кызыл китептеги жаныбарлардын  көчү сыяктуу маселелер боюнча тийиштүү келишимдер бар. Жумуш жүрүп жатат. Тажрыйба алмашып жатабыз.

Аймак өлкөлөрү суу ресурстарын башкаруу маселесине өзгөчө көңүл буруп жатат. Мисалы, Казакстан-Кыргызстан өнөктөштүгү алкагында атайын жумуш тобу Шу-Талас бассейнинин сууларын изилдөшүүдө.

ИНДИРА АКБОЗОВА, КАЗАКСТАН-КЫРГЫЗСТАН ӨКМӨТ АРАЛЫК СУУ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ КОМИССИЯСЫ КАТЧЫЛЫГЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЖЕТЕКЧИСИ:

 - Азыркы тапта биз бир гана суунун көлүмүн гана эмес, сапатын да жогорулатууга багытталган иштерди атакарып жатабыз. Курчаган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүүсүнө көнүү, узак мезгилдүү иш аракет программалары боюнча жумушчу топтору түзүлдү. Шу-Талас комиссиясынын тажрыйбасы башка да транс чекаралык өнөктөштүк үчүн үлгү боло алат деген ойдомун.

Курчаган чөйрөнү коргоо боюнча аймактагы тыгыз карым-катнаштын дагы бир далили- салттуу Борбор Азяи экологиялык форуму. Быйыл аталган форум Ташкент шаарында өтөт. Жолугушууга 250дөн ашуун делегат катышаары күтүлүүдө. Аймак өлкөлөрү, Европа, Азия мамлкеттери менен БУУнун структуралык адисттери катышат.

САИДИКРАМ НИЯЗХОДЖАЕВ, ӨЗБЕКСТАНДЫН КАЗАКСТАНДАГЫ АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Чогулушта бир катар иш-чараларды уюштуруу мерчемделүүдө. Пикир алмашуу, каржылоо булактарын издөө, долбоорлорду ири компаниялардын катышуусу менен жүзөгө ашыруу сыяктуу маселелер каралат. Мындан бөлөк, алгач ирет экологиялык технологияларга арналган көргөзмө өткөрүлөт.

ЗУЛФУХАР ЖОЛДАСОВ, ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН ЭКОЛОГИЯЛЫК ИРЕТТЕШТИРҮҮ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Экология багыты боюнча суу, турмуштук калдыктар, атмосферага байланыштуу түрдүү долбоорлор ишке ашырылат. Бул чогулуштун аркасында биз Борбордук Азия аймагындагы чек араларга карбастан, аймактык экологиялык системасын толук изилдей алабыз деп ишенем. Бардык багыттар камтылат.

Аймакта ноу-хауну киргизип, инновациялык экологиялык ыкмалаларды колдонуу ишинде өлкөлөргө Борбордук Азиялык экологиялык борбор себеп болот.

ШЫНАР ТОЙЛЫБАЕВА, ОА АЙМАКТЫК ЭКОЛОГИЯЛЫК БОРБОРДУН КАЗАКСТАНДАГЫ КЕҢСЕСИНИН МҮДҮРҮ:

- Биз транс чек аралык суу, климаттын өзгөрүшү боюнча өнөктөштүк орноттук. Париж келишими аймагында өзгө өлкөлөргө да колдоо көрсөтөбүз. Ошондой эле энергия эффективдүүлүгү, жашыл экономика жана курчаган чөйрөнү коргоо саясаты боюнча коңшулаш  өлкөлөрү менен байланышыбызды бекемдейбиз.

Курчаган чөйрөнү коргоо жумушун алда кайда эффективдүү колдонуу үчүн Борбордук Азия өлкөлөрү ааламдык окумуштуулар менен эколог адистерди тартууну көздөйт. Ушундайча эл аралык тажрыйбага таянып, аймактагы маселелерди чечүү мерчемделген. Алдыдагы убакта аймакта суу ресурстарын эффективдүү пайдалануу стратегиясын жасоо, өнөр жайлык масштабда тамчылатып сугаруу системасын киргизүү, альтернативдүү энергия булактарына өтүү багытындагы жумуштар жүргүзүлөт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии