ШКУ Борбордук Азия элдеринин кызматташтыгы

ШКУ Борбордук Азия элдеринин кызматташтыгы

Шанхай кызматташтык уюму Борбордук Азия аймагындагы тынчтык менен туруктуулук жана аймактык экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп келет. Астана шаарында чогулган эл аралык уюмга мүчө өлкөлөрүндөгү илимий изилдөө борборлорунун өкүлдөрүнүн пикири ушундай. Уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара тыгыз карым-катнашынын аркасында диний экстремизм жана сепаратизм менен биргеликте күрөш өз жемишин берүүдө. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында антитеррористтик структура жана Ооган маселесин чечүүгө багытталган атайын топ түзүлгөн.

ХУДОБЕРДИ ХОЛИКНАЗАР, ТАЖИКСТАН ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ СТРАТЕГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

– Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында терроризм менен экстремизмге каршы аймактык структура иш алып барат. Анын штабы Ташкент шаарында жайгашкан. 2005-жылы түзүлгөн борбор өзүнүн эффективдүүлүгү менен таанылып келет. Аймактагы коопсуздук маселеси керектүү деңгээлде чечилип жатат. Ушул сыяктуу структуралардын аркасында биздин аймактын акыркы 20 жыл бою өсүү темпи жогорулап, экономикалык жана саясий карым-катташ бекемделди.

Бүгүнкү күндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр экономикалык багыттардагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар. Серепчилердин айтымында, көптөгөн каржылык маселелер менен суроолордун чечилишине уюмдун алкагында экономикалык борбордун ачылышы себеп болот. Бул демилгени 3 жыл мурун Казакстан сунуштаган эле. Эмки кезекте эксперттик борбор куруу жагдайы көтөрүлөт. Бул маселе алдыдагы кулжа айынын 9-10 Циндаодо өтө турган ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинде талкууланат. Борборду Казакстанда жайгаштуруу мерчемделүүдө

СЕРИК БЕЙСЕМБАЕВ, ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА ЖАНА САЯСАТ ИНСТИТУТУНУН СЕРЕПЧИСИ:

ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык суроолор, ШКУ, Борбордук Азия аймагынын алкагында, экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу. Бул Казакстан карманган башкы принцип. Бул нерсе чакырыктар менен тастыкталды. Экинчиден, акыркы бир нече жылдар ичинде дал ушул модель өзүн актай алды. Болуп жаткан экономикалык алаканын негизинде Казакстан-Кытай, Казакстан-Россия жана Өзбекстан мамилелери жакшырып жатат.

Серепчилердин пикиринде, Шанхай кызматташтык уюму алкагында Кытай менен кызматташтык орнотуу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн товар айлануусун өстүрүп, инвестициялык потенциалын кеңейтет. Азыркы тапта Бээжин эркин соода аймагын курууну сунуштап жатат.