http://ca-news.org/news:1445909

Өзбекстан түрк тилдүү мамлекттердин кызматташтык  Кеңешине кошулду. Республиканын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Ташкентте өткөн кездешүүсүнөн кийин ушундай маалымат жарыяланды. Бул тууралуу «сa-news» жаңылыктар порталы кабарлайт. Түрк кеңеши - азыркы түрк мамлекттеринин башын бириктирген эл аралык уюм. Анын кызматы мүчө элдер арасындагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган. Айта кетсек, азыркы тапта түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан жана Түркия  мамлекеттери мүчө.

**************************************************************

http://ca-news.org/news:1445780

Борбордук Азия аймагында инсулин чыгаруучу жалгыз ишкана Өзбекстандын Андижан шаарында ачылат. «ca-news» жаңылыктар порталы маалымдагандай, өндүрүш мекемеси жылына 10 млн флакон инсулин чыгарууну мерчемдөөдө. Ишкананын бизнес-мерчемине ылайык, өндүрүлгөн продукт Өзбекстан аймагында гана эмес, Борбор Азия элдерине да экспорттолот. Ушул күнгө чейин Өзбекстандын өзүнө диабетке чалдыккандарга керектүү инсулин сырттан алынып келинчү.

****************************************************************

http://ca-news.org/news:1446013

Бугу айынын 15нен баштап Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн ортосунда автобус каттамы ачылат. Азыр тарапташтар эл аралык автобус тарифтери жөнүндө келишим түзүшүүдө, деп кабарлайт «ca-news». Каттам «Худжанд-Ташкент» жана  «Пенджикент-Самарканд» багыттары менен каттайт.  Ушул убакка чейин эки жак «Дүйшөмбү-Термез», «Бохтар-Денау», «Пенджикент-Бухара» жана Канибадамдан Ферганага чейинки багыттар боюнча макулдашышкан эле. Айта кетсек, Тажикстандын бийлик өкүлдөрү кабарлашкандай, күн сайын 10 миңден ашуун жергиликтүү тургун коңшулаш Өзбекстандын шаарларына аттанышат. 

*************************************************************

http://ca-news.org/news:1446063

Астанада үчүнчү «Eurasian Book Fair - 2018» эл аралык китеп жарманкеси болуп өттү. Быйылкы көргөзмөго 20 мамлекеттен 150дөн ашуун компания катышты. Иш-чаранын алкагында илимий конференциялар, жаңы китептердин бет ачары, жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга диплом тапшыруу болду. 2-даражадагы “Эң мыкты китеп” наамына “Тажикстан” альбому татыды. “Маданият жана искусство” наамын  “Тажик элдеринин маданият энциклопедиясы” илип кетсе, Тажистан улуттук энциклопедиясынын башкы редакциясы жана басмасы “Балдар жана өспүрүмдөргө арналган энциклопедия” үчүн гран-прини алышты.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии