Казакстандын Кыргызстан менен болгон чек арасында импорттук өндүрүштүн сапатын текшерүү жөнгө салынат. Ушу максатта кызмат көрсөткөн фитосанитардык көзөмөлдөө бекеттери Казакстандын аймагына талапка ылайык эт өнүмдөрүн өткөзүүгө мүмкүндүк берет. Бул демилгени Кыргызстан да колдоп жатат.

 ТОЛОНБЕК ЫРЫСАЛИЕВ, ЧЕК АРАЛЫК ВЕТЕРИНАРДЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

Эгерде биздин мал дарыгерлик бекетибиз болсо, биз экспортко чыга турган азык-түлүк өндүрүштөрүн талапка ылайык экендигин чек арада текшерип, өндүрүүчүлөр реестрде бар же жок экенин аныктайбыз. Бул биз үчүн пайдалуу.

Азыркы тапта казакстандык серепчилер, Кыргызстандагы эт сапатынын мыктуулугуна ынанмайынча, мал дарыгерлик бекеттер өз ишин уланта берет. Ал эми Кыргыз өкмөтү  бул нерсени эт өнүмдөрүн текшерүүгө кошумча мүмкүнчүлүк катары кабыл алышты.

КАЛЫСБЕК ЖУМАКАНОВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ВЕТЕРИНАРДЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ИНСПЕКЦИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Бул маселелер өз ара тыгыз байланыштуу, ошондуктан Евразиялык экономомикалык биримдикке мүчө элдер биздин системабызды альтернатива катары таануу үчүн аракет кылып жатабыз, азыркы  көзөмөлдөө бекеттерин дагы бир аз пайдаланышыбыз керек.

Казакстандын түштүк аймактары эпизоотиялык ыңгайлуу аймак макамына ээ болду. Бул үчүн алгылыктуу жумуштар аткарылды. Ушундай ыңгайлуу жагдайды сактоо үчүн эң алгач мал дарыгерлик бекеттер керек экени айдан-ачык. Кыргызстан да эл аралык эпизоотиялык бюрого өтүнмө берди. Уруксаат кагазын алуу үчүн 46 пунктан турган текшерүү жүргүзүлөт. Кийинки кадам – Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына альтернатива иретинде жергиликтүү фитосанитардык системаны таануу. Андан кийин гана жергиликтүү эт өнүмдөрү Евразиялык рынокко эркин жибериле баштайт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии