Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаал кызматтары күчүн бириктирүүдө

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаал кызматтары күчүн бириктирүүдө

Борбордук Азия  элдери техногендик жана табигый кырсыктардын алдын алуу жана аларды жоюу боюнча күчтөрүн бириктиришет. Алматыда Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жан Тажикстан мамлекеттеринин өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын башчылары биригишти. Жалпы санда 80 миллиондон ашуун эл жашаган Борбордук Азия мамлекеттеринде болуп жаткан табигый кырсыктар окшош. Ошол себептүү ушу багытта маалымат менен тажрыйба алмашуунун мааниси зор. Биргеликте кызматташуу  өзгөчө кырдаалдарда табигый коркунучтарын болжолдоо, маалымат бөлүшүү, өзгөчө кырдаалдарда бири-бирине жардамдашуу өңдүү маселелерде көмөктөшөт. Чогулуштун аягында тараптар табигый  апааттардын алдын алуу жана өзгөчө жагдайларда Аймактык форум катчылыгын куруу жөнүндөгү документке кол коюшту.

ЮРИЙ ИЛЬИН, КР ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

 - Бул чогулушта биз аймактарда болушу мүмкүн делген табигый кырсыктарды жоюуда биригип иш аракеттерди жасоо жолдорун караштырдык. Кандай гана кырсык болбосун бирдикте ал нерсени жеңе алабыз деп ойлойм.