Кайра жанма энергия булактарынын алгачкы аукциону Борбор Азияда өтөт

Кайра жанма энергия булактарынын алгачкы аукциону Борбор Азияда өтөт. Аукцион бугу айынын 23дө Казакстанда өткөрүлөт. Бул иш-чаранын башкы максаты - электр энергиясынын наркын төмөндөтүү. Үч саатка созулган сессияда, катышуучулар электр энергиясына өз бааларын сунушташат. Шайлоонун аягында эң төмөн наркты сунуштаган, эң эффективдүү  долбоорлор тандалып алынат.

КАНАТ БОЗУМБАЕВ, КР ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИ:

Биз кайра жанма энергия булактары долбоорлорун тандоо боюнча аукциондук системаны иштеп чыктык. Ушул жылдан тарта кубаттуулугу 1 гигаваттка жеткен бир канча аукциондорду өткөрүү каралууда. Жеңүүчүлөр кайра жанма энергия булактарынынан 15 жылга созулган  келишимдин негизинде электр энергиясын сатып алууга мүмкүнчүлүк алат.

Дал ушундай аукциондук системаны иштеп чыгуу үчүн, Казакстан Биреккен Араб Эмирликтери, Сауд Аравия, Чили жана Мексика өлкөлөрүнүн тажрыйбаларын изилдеп чыгышты. Аталган мамлекеттерде бул механизм өзүнүн эффективдүүлүгүн  көрсөткөн.  Мисалы, Мексикадагы аукциондо эң төмөнкү баа сунушталган. 1 киловатт саатына 1,7 цент. Ушундай жол менен Казакстан да аттанууга бел байлоодо.

ЕРЖАН МАДИЕВ, АК “КОРЕМ” БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

 - Казакстанда КЖЭБ курууга кызыккандар арбын. Алардын ичинде чет өлкөлүк инвесторлор да бар. Турциядан жана Европа мамлекеттеринен инвесторлор келип, өз кызыгуусун көрсөтүшүүдө.  Кызыгуу мындан да жогору болот деп күтүүдөбүз. Түштүк аймактарда күн, ал эми түндүктө шамал электр энергиясын куруу боюнча долбоорлор айтылды. Бул-түштүк, түндүк жана батыш аймактарында ишке ашат.

КЖЭБ (Кайра жанма энергия булактары) боюнча акуционду Казакстанда жылына 2 жолу өткөрүү каралууда. Жазында кичи долбоорлор, ал эми күзүнө кубаттуулугу 50 мегаваттан ашкан долбоорлор талкууланат. Аукциондук системанын негизинде  өлкөгө  чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана кайра жанма энергетикасына түрткү берүү каралууда. Айта кетчү нерсе, 2050-жылдарга чейин жалпы энергия баласындагы альтернативалык энергиянын үлүшүн 50 % жеткирүү пландалууда.