Арт-фестиваль Ташкентте

Өзбекстандын 14 облусунун чеберлери Ташкентте чогулушту. Анда жыгачтан жасалган буюмдар, боёк менен тартылган сүрөттөр, чыгармачылык композициялар жана турмушта колдонуучу өнөр колекциялары, ошондой эле чыгыштын кайталангыс кол өнөрчүлүгү, элдик жана заманбап кооздоочу буюмдар көргөзмөгө коюлду.

АШУРМАТ МАМАСАЛИЕВ, «ТУРАН» АКАДЕМИЯСЫНЫН АКАДЕМИГИ, ӨЗБЕКСТАН/:

 - Бизге буюм жасоодо эч кандай шаймандын кереги жок. Беш бармактын өзү табылгыс курал. Топурак өзү алтын, андан жасалган буюмдар да алтындан кем болбойт. Булардын бардыгы ата-бабадан мурас болуп келе жаткан байлык.

Ташкенттеги шөкөттөө колледжинин студенттери мыкты даярдыктар менен келишип,  абдан кызыктуу балаты жасашыптыр. Бирок арчанын ордуна - бак, оюнчуктардын ордуна керамикалык кумураны колдонушкан.

ЗУФАРБЕК НАБИЕВ, СТУДЕНТ:

 - Кумураны жасаган кезде көбүнчө сырткы көрүнүшүнө маани беребиз. Анын оозун ичке жана узун кылып чыгаруу үчүн зор эмгек талап кылынат.  Мыкты кумура жасоо үчүн колдун ар бир кыймылын алдын-ала пландоо зарыл. Ошондо гана көздүн жоосун алган эмгек жаралат.

Фестивалга Ташкенттеги мектеп окуучулары да катышып, сүрөт тартышты. Чеберлер көргөзмөгө келген көрүүчүлөргө устачылык өнөрдүн сырын айтып, кээ бирлеринин турпатын жасашты.

САДБАРОЙ ЮЛДАШЕВА, ДИЗАЙНЕР:

 - Сайманы жасоодон мурун анын үлгүсүн кагазга түшүрүп алабыз. Андан кийин гана композицияга карап жиптерди даярдап, токуй баштайбыз.

Жарманкеге келгендер, улуттук кол өнөрчүлүк менен катар азыркы заманбап чыгармачылыктарга да күбө боло алышты. Бул чыгармаларда театрдык жана чыгармачыл чеберчилик айкалышкан.   Тагыраагы өнөр ээлери ар кандай ыргакта бийлеп жүрүп, боекторду чачуу аркылуу сүрөт тартышат. Боектор баш аламан чачылса да, мындай эмгектер көздүн жоосун алат.

Жалпылап айтканда, фестивалда өзбекстандыктардын атадан балага мурас болуп жасалып келе жаткан, кайталангыс улуттук өнөр өтө жогору бааланды.