Казакстан менен Сербия соода жүгүртүүсүн көбөйтөт

Казакстан менен Сербия ортодогу товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатышат. Былтыр бул көрсөткүч 42 миллион долларга жеткен. Ал эми быйылкы жылдын жети айында өз ара экспорт-импорт көлөмү 17 миллион долларга  жакындады. Астанада өткөн Казакстан-Сербия ишкердик форумунда эки жактуу соода жүгүртүүнү көбөйтүүнүн жаңы жолдору караштырылып, талкууланды.

БАКЫТЖАН САГЫНТАЕВ, КР ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Өткөн жылы Казакстан менен Сербия товар жүгүртүүсү 59 пайызга өстү. Акчалай жактан карай турган болсок, албетте, бул көп  сумма эмес. Ошондуктан бизнес форумдун алкагында соода байланышты жаңы деңгээлге көтөрүү жолдорун талкууладык. Эффективдүү багыттар аныкталды. Каржылоо маселеси да чечилет.

Сербия болсо Казакстан аркылуу Евразиялык экономикалык биримдик рыногуна чыгууну максат кылып жатат. Аны менен катар, Белград казакстандык өндүрүштү Батыш Европа рыногуна сунуштайт. Жыйынга катышкан сербиялык компаниянын өкүлү Астанада аймагы 62 гектардык чакан шаар курууну көздөп жатканын кошумчалады. Ал комплекстин наркы 1,2 миллиард доллар чамасында болот.

ДРАГОМИР КАРИЧ, СЕРБИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПАРЛАМЕНТ ДЕПУТАТЫ:

- Курулушту 5 жылдын ичинде жыйынтыктоону көздөп жатабыз. Бул жерде турак үй комплекси, бала бакчалар, оюн-зоок борбору, мектеп, сейил бак, театр, чакан стадион пайда болот. Миллиондогон чарчы метрди ала турган комплексте 20 миң адам жашай алат. Жолугушуунун алкагында премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен Президент Александр Вучич курулуштун пайдубалына капсула салышты.

Ошондой эле, жыйында кылмышка каршы күрөш, аба ташуусу, жаштар саясаты жана курулуш тармактары боюнча 4 маанилүү документке кол коюлду.