Казакстан менен Орусия кызматташтыгы

Казакстан менен Орусия кызматташтыкты бекемдөөдө. Бүгүнкү күндө эки мамлекеттин саясат, экономика, билим, медицина, маданият тармактарындагы байланыштары тыгыз. Орусия  Казакстандын башкы соода өнөктөштөрүнүн арасында лидер. Буга эки мамлекет ортосундагы алыш – бериш көрсөткүчтөрү далил. 2017-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 25,6 пайызга өсүп, 16 миллиард долларды түзгөн.

ЯРОСЛАВ ЛИСОВОЛИК, «ВАЛДАЙ» ЭЛ АРАЛЫК ТАЛКУУ КЛУБУНУН ПРОГРАММАЛЫК МҮДҮРҮ:

- 2018-жылдын жарым жылында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өткөн жыл менен салыштырганда 10 пайызга өскөнүн белгилей кетишибиз керек. Бул көрсөткүч жеке эле мунай-энергетика ресурстарынын эсебинен эмес, экономиканын башка тармактарындагы өнүгүү жигердүүлүгү таасир берди. Мисалы, Орусиянын Казакстанга багыттаган экспорттук курамында машина курал-жабдыктарынын үлүшү 25 пайызга жеткен. Бул азыр экспорттун башкы бөлүгү болуп жатат.

Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсүндөгү Орусиянын үлүшү болжол менен 21 пайызды түзөт. Коңшу өлкө Казакстанга товар экспорттоо көлөмү жагынан алдыңкы орунда турса, казак өндүрүшүн импорттоо көлөмү жагынан төртүнчү орунда. Орусиялык экономисттердин айтымында, көрсөткүчтөрдүн саны эле эмес, товар жүгүртүүнүн түзүлүшү да өзгөрүүдө.

ГРИГОРИЙ ТРОФИМЧУК, САЯСАТЧЫ:

- Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 18 миллиард долларга жетет. Бул албетте, мыкты көрсөткүч. Ал дагы да өсүшү толук мүмкүн. Ошентсе да, азыр бул жетишкендиктерди Орусиянын башка ири өнөктөштөрү менен салыштырууга болбойт. Бул багытта алардын көрсөткүчтөрү алда канча төмөн.

Ал эми орусиялык серепчилердин божомолу боюнча, Казакстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2020-жылга карай 24 миллиард долларга жетет.