Нью-Йоркто “Өзгөрүп жаткан Евразиядагы Казакстандын орду” инвестфоруму өттү

“Өзгөрүп жаткан Евразиядагы Казакстандын орду”. Нью-Йоркто ири инвестфорум өттү. Аталган иш-чаранын башкы максаты – Кошмо Штаттар менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык шериктештикти жогорулатуу. «Астана» Эл аралык каржы борборуна инвестиция тартуу маселеси да талкууга салынды. Форумга министрликтер менен мекемелер, улуттук компаниялар, бизнес, банк тармактарынын өкүлдөрү катышты.

САПАРБЕК ТУЯКБАЕВ, УЛУТТУК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОМПАНИЯ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Биз азыр өлкөгө америкалык бизнести тартуунун экинчи мезгилин ишке коштук. Себеби, азыр АКШ тарабынан биздин аймакка кызыгуу жогорулап жатат. Анын үстүнө Американын өз ичинде азыр биздин рынокко кирип, долбоорлорубузду каржылоого кызыгуу билдиришкен жаңы каржы институттарынын пайда болуп жатканын көрүп жатабыз. Айрыкча, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайына болгон кызыгуу жогору. Ошондуктан биз азыр 70тен ашуун долбоор сунуштадык.

Казакстандык делегациянын өкүлдөрү америкалык бизнесмендерди маалыматтык технология, металлургия, машина куруу, айыл чарба, химия өнөр жайы сыяктуу экономиканын чийки эмес зат секторунда шериктештикке чакырды.

МАРСИЯ ФАВАЛЬ, АКШ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОМПАНИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ, КАРЖЫ СЕРЕПЧИСИ:

- Бул форум Казакстан менен АКШ президенттеринин тарыхый жолугушуусунун уландысы. Ал мындан эффективдүү өнөктөштүккө жаңы түрткү берди.  Казакстан баарыбызга эргүү берет. Биз,  инвестициялык дүйнөнүн өкүлдөрү сиздердин инновациялык реформага ыраазыбыз. Казакстан экономикага санариптештирүүнү киргизип, адамдык капиталды өнүктүрүүгө басым берип, экономиканы ар тарапуу кылууга өтүүдө.

Кошмо Штаттардын ишкердик тармагынын өкүлдөрү Эл аралык «Астана» Каржы Борборунун катышуусун эске алып, Казакстанда бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуу билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысынын мурдагы жардамчысы жана өлкөнүн улуттук  коопсуздук Кеңешинин түзүмдөрүнүн биринин мүдүрү Дэвид Меркель өз ара карым-катнаштын келечеги менен эффективдүүлүгү тууралуу айтты.

ДЭВИД МЕРКЕЛЬ, АКШ АТЛАНТИКАЛЫК КЕҢЕШИ ИЛИМИЙ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- АКШнын эл аралык мамилелер тууралуу Кеңеши Казакстан делегациясы менен болгон бул жолугушууну маанилүү деп эсептейт. Форумга катышкан америкалык ишкерлер Казакстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен менчиктештирүүгө байланыштуу кызыгуу билдиришти. Бүгүнкү күндө сиздерде бизнес жүргүзүү тууралуу идеялардын тартымдуулугун көрдүк. Бул Казакстан менен АКШ ортосундагы экономикалык өнөктөштүк үчүн позитивдүү аспект болду. Көптөгөн ири компаниялардын сиздердин өлкөдө өтө жакшы тажрыйбасы бар.

Серепчилердин айтымында, америкалык ири корпорациялар энергетика, транспорт, маалыматтык технология жана соода тармактарында ишкердик мамилелерди кеңейтүүгө кызыктар.