Казакстан менен Улуу Британия: Соода-экономикалык мамилелер

Казакстан менен Улуу Британия соода-экономикалык мамиленин мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Жыйында Казакстандын менчиктештирүү программасы, ата мекендик ишканалардын Лондон фонд биржасына чыгуу маселеси жана Улуу Британиянын Казакстандагы инвестициялык иш-аракеттеринин алкагында Кипр юрисдикциясын пайдалануу тууралуу сөз болду.

РАШИД ГАЙСИН, БРИТАН-КАЗАК УКУК АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бул – өлкөнүн өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү. Казакстан жана Улуу Биритания өлкөлөрүнүн кесипкөй юристтеринин ортосундагы байланыш мындан ары бекемдеген сайын, републикабыздын укугу жана укуктук системасы өнүгө берет деп ойлойм.

Казакстан экономикасын диверсификациялоого жана жеке секторду бекемдөөгө багыт алганы белгилүү. Британиялыктар кеңеш берүү ишинде трансферттер жардамы менен алдыга жылган тажрыйбага таянып, инфраструктура, энергетика, тоо-кен казуу өнөр жайы жана башка да тармактар боюнча колдоого даяр экенин билдиришти.

РОС ЛАНД, УЛУУ БРИТАНИЯ ЭЛ АРАЛЫК СООДА БОЮНЧА ДЕПАРТАМЕНТИНИН АДИСИ:

- Казакстан менен Улуу Британия мурунтан тыгыз байланышта. Биз биринчилерден болуп көз карандысыздыгыңарды  тааныганбыз, бул биздин достугубузду бекемдеди. Биз сиздер менен бизнес жасоону улантууга даярбыз.

2016-жылы Улуу Британия Казакстанга жалпы суммасы беш жарым миллиард фунт стерлинг түзгөн товар жана кызмат түрүн экспорттогон. Ал эми Казакстан Республикасы Бириккен Королдукка 640 миллион фунт көлөмүндөгү товар жеткирген. Эки тарап тең бул сандарды бир нече эсеге өстүрүүгө кызыктар.