Казакстанда айыл чарба техникасын кураштыра турган жаңы завод салынат

Казакстанда айыл чарба техникасын кураштыра турган жаңы завод салынат. Өндүрүш очогунун курулушу менен аны жолго коюу ишин Кытайдагы айыл чарба менен курулуш техникасын өндүрө турган эң ири компаниялардын бири колго алат. Завод Костанай облусунда жайгашат. Казакстан бүгүнкү күндө кытайлык шериктештери менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Инвесторлор Казакстандын аймагындагы биргелешкен долбоорго 30 миллион доллар каржы жумшайт.  Өлкөдө өндүрүлө турган тракторлордун алгачкы саны рынокко кийинки жылы чыгуусу керек.

ЧЖУВЭЙ ЦЗЯН, «YTO GROUP CORPORATION» БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Казакстан азыр инвестиция тартууга бардык жагдайларды түзүп жатат. Бул долбоордун ийгиликтүү жана эффективдүү болооруна ишенем. Биз айыл чарба техникасын сата турган кенен рынокту көрүп жатабыз. Өндүрүштөрү Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө чыгарабыз.

Ушуга чейин кытайлык компания Казакстанда өзүн тааныткан. Башкача айтканда, өлкөдө өз өкүлчүлүгүн ачып, айыл чарба техникаларын сатып көргөн. Бул жумуштун натыйжасы кытайлык тракторлорго болгон суроо-талап жогору экенин көрсөттү. Мындан кийин компания техниканы Казакстанда кураштыруу эффективдүү деген чечимге келди.

АНДРЕЙ ЛАВРЕНТЬЕВ, «АГРОМАШХОДИНГ КАЗАХСТАН» ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ:

- Менин оюм боюнча бул ири долбоор. Сөз жеке эле Казакстан тууралуу эмес, Евразиялык экономикалык биримдиги жөнүндө болуп жатат. Башкача айтканда, биздин кытайлык өнөктөштөр башка рынокко да кызыгуусун билдирди. Ошондуктан долбоор Казакстандын муктаждыктарын эле жойбостон, анын аймагынан башка рынокко да чыгарат. Мамлекет башчысы ушул тууралуу көп айтат, Өкмөт да бизге ушундай милдеттерди  коёт.

Жаңы завод келечекте Казакстан менен Кытайдын биргелешкен 51 инвестициялык долбоорунун тизмесине киргизилет. Ага “Бир кур – бир жол” жана “Нурлуу жол” фонддору колдоо көрсөтүп турат. Казакстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аны ар тараптуу кылууга ишканалардын кошо турган үлүшү мол болот.