Дүйнөлүк банк Казакстандагы мал чарбачылыгына 500 милион доллар каржы бөлүүгө даяр

Дүйнөлүк банк Казакстандагы мал чарбачылыгына 500 милион доллар каржы бөлүүгө даяр

Дүйнөлүк банк Казакстандагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө 500 милион доллар каржы бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Казакстандагы Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлү Ато Браун кабарлады. Ал Кытай менен Орусияда суроо-талап болуп жаткандыктан, эт кластерин өнүктүрүү маанилүүлүгүн белгиледи.

АТО БРАУН, КАЗАКСТАНДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛҮ:

- Биз Казакстандагы мал чарбачылыгын колдоого даярбыз. Бирок, алгач ушул тармактагы кайсы тетиктерди өнүктүрүү керектигин так аныктап алган жөндүү. Дүйнөлүк банк тарабынан каржылай колдоо гана көрсөтүлбөйт. Биздин адистер чет өлкөлүк тажрыйбаны өздөштүрүүгө да жардам беришет.