Kazakhstan Global Investment Forum 2018

Лондондо Казакстандык инвестициялык дүйнө форумунда өлкөнүн жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Иш-чарада ушуну менен бирге, республиканын жигердүү өнүгүп келе жаткан экономикалык тармактарынын келечеги да талкууланды. Казакстандык делегация өлкөнүн экономикасын ийгиликтүү диверсификациялоого жана ааламдык системаны интеграциялоого зарыл болгон британдык инвестицияларга кызыгуусун билдирди.  

АРЫСТАН КАБЫКЕНОВ, КР ИНВЕСТИЦИЯЛАР ЖАНА ӨНҮГҮҮ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Британиялык компанияларга өлкөбүздөгү мол мүмкүнчүлүктөр менен Казакстанга каржы багыттоонун эффективдүү жактары айтылды. Мамлекет тарабынан жасалып жаткан колдоолор тууралуу да кеңири сөз болду.

САПАРБЕК ТУЯКБАЕВ, УЛУТТУК КОМПАНИЯНЫН БАШКАРМАЛЫК ТӨРАГАСЫ:

- Азыр британиялык бизнес Казакстанды башка жагынан кабыл алышат. Биринчиден, Doing business талдамасына ылайык,  аймакта биздин рейтингибиз өтө жогору. Анын үстүнө Казакстан аркылуу Кытай, Борбор Азия, Орусия сыяктуу ири рынокторго жол ачылат.

Форумга иштетүү, айыл чарба, химия, тоо-кен өнөр жайы жана каржы тармактарында, ошондой эле металлургия, альтернативалык энергетика, логистика жана санариптик технологиялар багытында ийгиликтүү иштеп келе жаткан эки жүздөн ашуун  компаниянын башчылары катышты. Иш-чарада «Астана» эл аралык каржы борбору да көңүл сыртында калган жок.

БАРОНЕССА ЭММА НИКОЛСОН, УЛУУ БРИТАНИЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН КАЗАКСТАН БОЮНЧА СООДА ӨКҮЛҮ:

- Дүйнө азыр Казакстан тууралуу мурункудан да жакшы билет. Азыр өлкөнү таанытуу үчүн эң мыкты жарнамалар жүрүп жатат. Кең көлөмдүү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр бизнесмендерди кызыктырбай койбойт.

ДЖОН КЭМПБЕЛЛ, ABERDEEN STANDARD INVESTMENTS КОМПАНИЯСЫНЫН ААЛАМДЫК ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бизди айрыкча Казакстан үчүн мааниси чоң «Бир кур – бир жол» демилгеси кызыктырат. Бул стратегиянын кандай натыйжа берерин көргүбүз келет. Ошондуктан Казакстандагы долбоорлорго инвестиция салууга даярбыз.

Бүгүнкү күндө Бириккен Королдук – Казакстандагы ири инвесторлордун бири. Көз карандысыздык жылдардын ичинде Британия Казакстанга 13 миллиард АКШ доллар көлөмүндө каржы багыттаган.