Казакстан ДСУнун инвестицияларга колдоо көрсөтүү демилгесин колдойт

Казакстан ДСУнун инвестицияларга колдоо көрсөтүү демилгесин колдойт

Келечекке жасалган инвестиция. Заманбап жашоодогу экономикалык өсүштү жогорулатуунун эң жигердүү ыкмасы – биргелешкен долбоорлорду ишке кошуу жана даярдоо. Казакстан өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмунун инвестицияларга колдоо көрсөтүү демилгелерин колдойт. Белгилей кетсек, 164 катышуучудан турган уюм түзүлгөн мезгилинен баштап мүчө – мамлекеттердин ортосундагы соода – саясий карым – катнаштарды жол-жоболоштуруу менен гана алектеништи. Серепчилер, өндүрүшкө багыттала турган келечектүү инвесторлорсуз жана импорт менен экспорт көлөмүн жогорулатмайынча өлкөлөр ортосунда толук кандуу соода мамилеси орнобойт деп эсептешет. Соода согушу, кээ бир мамлекеттердеги туруксуз экономика жана башка да факторлор дүйнөлүк товар жүгүртүүгө терс таасир берет. Ушундай жагдайларды жаратпоо максатында Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөр инвестицияларды кызыктыруу боюнча бирдиктүү эрежелерди даярдоону көздөп жатат. Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы туруктуу өкүлүнүн айтымында, инвестицияларга жардамдашуу келишими 2020-жылы Астанада Дүйнөлүк соода уюмунун 12-министрлик конференциясынын алкагында кабыл алынуусу мүмкүн.

ЖАНАР АЙТЖАНОВА, КР ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУНУН АЛДЫНДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөр инвестицияларды жол-жоболоштурууну жеңилдетүү боюнча талкууларды жүргүзүүдө. Ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ар түрдүү преференцияларды болтурбоо үчүн бирдиктүү атаандаштык аянттарын түзүү. Ар түрдүү преференциялардын болуусу – бизнестин абалынын татаалдашуусуна алып келет. Дүйнөлүк соода уюмунун келишимдеринин алкагында кабыл алынган бирдиктүү оюн эрежелерине кол койгон өлкөлөр бул келишимди аткарууга милдеттүү.