«Нур жолу» өткөрүү пункту ачылды

«Нур жолу» өткөрүү пункту  ачылды

Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө Кытай менен чектешкен «Нур жолу» өткөрүү пункту көмөкчү болот. «Батыш Европа – Батыш Кытай» эл аралык коридорунда жайгашкан бул өткөрмөнүн күнүнө 2500 автоунаа өткөрө ала турган мүмкүнчүлүгү бар. Анын 2300 жүк унаасы болсо, калганы жүргүнчү ташый турган автобустар жана жеңил унаалар болот деп күтүлүүдө. Келечекте бул көрсөткүч эки эсеге чейин көбөйүшү мүмкүн. Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк негизинде салынган жаңы объектинин курулушуна 70 миллиард теңге көлөмүндө каржы жумшалды.

ВАЛЕРИЙ ФЕДОТОВ, АЙДООЧУ:

- Мурда Казакстан-Кытай чек арасынан жүк алып өтүү үчүн күндөп-түндөп турган учурларыбыз көп болду. Ал эми ушул жаңы терминалда баары өтө тез жүрөт экен. Тейлөөсү абдан жакты.

«Нур жолундагы» чек арадан өтүү убактысы болгону 30-40 мүнөткө чейин созулушу мүмкүн. Бул өз кезегинде  унаа агымы жана өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жаңы түрткү берет. Ультразаманбап унаа – логистика борборунун аймагы 25 гектар жерди ээлеп жатат. Ал жерде бажылык жол-жоболоштуруу борбору менен 200 жүк унаасына арналган автотурук жана бир нече жүк сактоо кампасы жайгашат.

ИЛИЯС ЖАЙЛЫБАЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР:

- Унаа – логистика борбору 14 кызмат түрүн сунуштайт. Ал бардык унаа – логистикалык жана бажылык кызмат көрсөтөт. Бул кызматтардын баары «бир терезе» аркылуу ишке ашат. Биринчи мезгилде 3,5 миң чарчы метрлик кампалар салынат. Ошондой эле үчүнчүсү ишке ашырылат, акыркы этабы аянты 140 миң чарчы метрге чейин кеңейет.

«Нур жолу» өткөрүү пункту жана жаңы унаа – логистика борбору – КМШдагы эң чоң объекттердин бири. Ал эми, техникалык жабдуу жана унаа өткөрүү ылдамдыгы, ошондой эле көзөмөлдөө системасы жагынан дүйнөдө бир дагы альтернативасы жок. Ошондуктан жаңы заманбап унаа – логистика  борборунун келечеги кең. Өлкө өз кезегинде анын жумушун жандандырып, мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга болушунча аракет кылат. Анткени бул жерден келечекте  жыл сайын 18 миллион тонна жүк өтөт, дешет адистер.