Түркестандын инвестициялык тартымдуулугу

Түркестандын инвестициялык тартымдуулугу

Борбор Азияга тартылган чет өлкөлүк инвестицялардын көлөмү боюнча Казакстан көч башында. Аймакка багытталган инвестициянын 70 пайызы аталган өлкөгө туура келет. Ушул жылдын 6 айында гана ири инвесторлор менен 69 жаңы долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлду. Алардын катарында Кытайдын 10 көп улуттуу компаниясы, Түркия, АКШ, Бириккен Араб Эмирликтери, Улуу Британия жана Евробиримдик өлкөлөрүнөн компаниялар бар. Инвесторлор үчүн өлкөдөгү мүмкүнчүлүктөр жана инвестициялык климат тууралуу «Байыркы Түркестан – жаңы мүмкүнчүлүктөр» форумунда кеп козголду. Бул жерде чет өлкөлүк ишкерлер менен биргеликте келечектүү долбоорлор тууралуу сүйлөшүлдү.

АЗИЗАН ЗАЙНУЛ, «NAGASTEEL Equipment Sdn. Bhd.» КОМПАНИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бизди кайра жанма энергия булактарына тиешелүү долбоорлор кызыктырат. Казакстан күн жана шамал кубатына бай өлкө. Мен шамал энергиясына тиешелүү долбоорду сунуштап жатам. Жакында эле Чымкентте өз кеңсебизди ачтык.

ЮНУС ЭМРЕ СУДЖУ, «DOGUS CONSTRUCTION» КОМПАНИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Биз инфраструктуралык долбоорлор менен алектенебиз. Алматыда бетон жолун курдук. Мындан сырткары биздин компания Түркестан облусу менен Шардары районунда авто жол куруу боюнча келишимге кол койдук. Ошондой эле биздин компания эл аралык аба майданын курууга кызыктар.

Өлкөдөгү жагымдуу инвестклимат өзүнө субсидиялоо, бажылык, салыктык жеңилдиктер жана өзгөчө жеңилдиктерди камтыйт. Мындан сырткары, индустриалдык экономикалык аймактарда жер тилкелери керектүү инфраструктуралары менен берилет.

ДЕМИРЖАН КОСЕ, DALHOLDING КОМПАНИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Кентау шаарында 200 гектар аймакка күнөскана курууну көздөп жатабыз.  Аталган аймактагы жагымдуу аба ырайы мөмө-жемиштерди күнү-түнү өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Даяр өндүрүштөрдү жакынкы жана алыскы өлкөлөргө жөнөтөбүз.

Жаңы долбоорлор – бул жеке эле экономикалык өсүш эмес. Чет өлкөлүк компаниялардын катышуусу өлкөдө тезирээк диверсификация жүргүзүүгө жана технологиялык өсүштү тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, малайзиялык компаниялар «жашыл» энергетика жана өнөр жай тармагында ири  долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатышат. Жалпы бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча 2 миллиард долларлык 19 меморандумга кол коюлду. Иран мунай иштетүүчү заводун, Орусия – күнөскана комплексин курат. Ал эми Кытай электроавтобустар өндүрүшүн ачууга даяр, БАЭни туризм кызыктырууда.