Испан компаниясы Казакстанда таштандыны кайра иштете турган завод курат

Казакстан экономикасына алты жарым миллиард доллардан ашуун каражат инвестицияланган. Өлкөнүн Улуттук банкы 2018-жылдын 1-кварталына карата ушундай маалымат берди. Капчыгы калың инвесторлордун катарында Нидерландынын жигердүүлүгү жогору, аталган өлкө бул жылы эки миллиард доллардан ашуун каражат сарптаса, экинчи орундагы АКШ 1,5 миллиард каржы бөлгөн. Эки жактуу  эффективдүү карым-катнаш кура билгендердин катарында негизги оюнчулар Орусия жана Кытай турат.

Испания да Казакстан рыногуна кадам таштады. Эки жактуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө машина куруу, энергетика, транспорт тармагы жана трансферт технологиясы басымдуулук кылат. Жакында эле Астанада эки өлкөнүн ишкерлери жаңы инвест долбоорлорду талкууга алышкан. Тарапташтар бир катар меморандумдарга кол коюуга жетишкен. Натыйжасында – Казакстанда таштандыны кайра иштете турган завод желелери курулмай болду. Испан компаниясы сунуштаган заманбап технология таштандыны иштетүү аркылуу андан газ алууга мүмкүнчүлүк берет. Долбоордун жалпы кубаттуулук наркы - 150 миллион долларды түзөт.

АДИЛЬ УТЕМБАЕВ, СТРУКТУРАЛЫК ДОЛБООРЛОРДУ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА КОМПАНИЯНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бул технологиянын ар бир аймакка зарыл экендигин далилдөө үчүн, морфологиялык талдама жүргүзүү керек. Ал өндүрүш кубатын аныктоо үчүн керек, талдама жасоого жарым жылдай убакыт талап кылынышы мүмкүн. Себеби, муну жаз жана күз айларында жүргүзүү зарыл. Бул техникалык экономикалык негиздеме уюштуруу иши кийинки жылдын жалган куран айында башталып, ошол жылдын аягына чейин заводдун пилоттук долбоору жаралат деп эсептейм.