Казакстан Дүйнөлүк соода уюмунда

2020-жылдан баштап чет өлкөлүк банктар Казакстанда өз бөлүмдөрүн ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна  кирүүсүнүн натыйжасында ишке ашат. Эскерте кетсек, Казакстан уюмга 2015-жылы мүчө болгон. Астанада Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу боюнча 7-жолугушуу өттү.

ЖАНАР АЙТЖАНОВА, КАЗАКСТАНДЫН ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУНУН АЛДЫНДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- 2020-жылы 5 жыл убакыт мезгили аяктайт. Ошондо биз чет өлкөлүк банктар жана бөлүмдөрүнө өз кеңселери жана көрсөтө турган кызмат түрлөрүн ачууга уруксат беребиз. Бул каржы секторунда алгылыктуу атаандаштыкты жаратат деп үмүттөнөбүз. Аны менен катар бизнесте көрсөтүлө турган кызмат түрлөрүнүн сапатына, кызмат көрсөтүү шарттарына  оң таасир болот деп ойлойбуз.

Мындай жолугушууларга катышкан өлкөлөр Дүйнөлүк соода уюму кызматташтыгынын алкагында Евразиянын келечегин талкууга алышат. Ошондой эле, тажрыйба алмашып, интеграциянын максималдуу таасир этүү жолдорун издешет.

АЛАН ВУЛФ, ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү үчүн Грузия, Казакстан менен Орусияга көп убакыт талап кылынды. Интеграцияны өнүктүрүү ушул иштеги атайын эрежелер менен үлгүлөр калыптанганда гана жүзөгө ашат. Стратегиялык өнөктөштүк, инвестициялык ыңгайлуулук багытынан да мамлекеттердин мүмкүнчүлүгү ортого салынат. Ачык деңизге түз жолу жок мамлекеттер үчүн аалам соодасы жол-жоболоштурулуп, товар жүгүртүүнү көзөмөлдөп жаткан уюмдун мүчөсү болуу өтө маанилүү.

Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна  кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөр уникалдуу. Ал кезде Казакстан бажы биримдигинин алкагында кызматташтык маселелерин макулдашкан. Натыйжасында, Казакстан Республикасын соода саясатын эл аралык укукка ылайык жүргүзө турган, инвестициялык климаты жагымдуу өлкө катары кабыл алышкан.

МАКСИМ МЕДВЕДКОВ, ОФ ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖАНА СООДА МИНИСТРЛИГИНИН СООДА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Уюмга кошулуу, мыйзамды кайра иштеп чыгуу сыяктуу суроолорду талкууладык. Бажы Биримдигин түзүү кезинде биз аны Дүйнөлүк соода уюмуна кантип тааныштырабыз деп көп ойлонгонбуз. Себеби, бул кезде бирдиктүү бажылык тарифтерге өтүп жаткан элек. Ушул маселелерди бириктирүүнүн амалдарын издеп, чечимин таптык.

Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна кирсе ата мекендик өндүрүштүн экспорту көбөйөт. Казакстанда дүйнө рыногуна сунуштай турган товарлар менен өндүрүштөрдүн түрү жеткиликтүү. Бул негизинен, азык-түлүк, тоо-кен өндүрүшү, машина жасоо, мунай өндүрүштөрү. Аны менен катар басым берилген тармактардын бири – айыл чарба өндүрүштөрү.